19 C Бишкек
Saturday 27th July 2024
Жеңиш кубогу-2024: Көк бөрү боюнча экинчи жана легендалар лигасынын мелдештери жыйынтыкталды
к admin

Жеңиш кубогу-2024: Көк бөрү боюнча экинчи жана легендалар лигасынын мелдештери жыйынтыкталды

9-май Улуу Жеңиш күнүнө карата Республикалык улуттук оюндар боюнча мелдештер уланууда. Бүгүн, 8-май күнү оюн талаасында экинчи жана легендалар лигасынын (40 жаш) финалдык беттештери болуп өттү.

Алгач оюн талаасында экинчи лиганын “Бүркүт” жана “Бийиктик” командалары 3-орун үчүн күч сынашып, 4:1 эсебинде “Бийиктик” командасы атаандашын утуп коло медалга ээ болду. Биринчи орун үчүн “Казарман” жана “Толук” командалары беттешип, жыйынтыгында “Казарман” 6:1 эсебинде жеңишке жетип биринчи лигага көтөрүлдү.

Легендалар лигасында (40 жаш) “Сары-Өзөн” жана “Биримдик Ысык-Көл” командалары 3-орун үчүн беттешип, “Сары-Өзөн” командасы атаандашын 4:1 эсебинде жеңип коло медалга ээ болду. Алтын медаль үчүн беттеште “Манас-Талас” жана “Талас” командалары беттешип “Талас” 6:3 эсебинде жеңишти камсыздай алды.

  • Комментарийлер жок
  • 03.06.2024

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген