19 C Бишкек
Monday 29th April 2024

 

КУЛАТУУ – ЖЕКЕМЕ-ЖЕКЕ ТАЙМАШУУНУН УЛУТТУК ТҮРҮ

 

Т.М.Турусбеков, А.К.Осмоналиев.

______________________________

 

Кулатуунун кыскача тарыхый очерки

 

Улуттук оюндарынын эң байыркысы болгон кулатуу күрөшү кылым карытып муундан-муунга улуттун улуулугун даңазалап, элин мекенди сүйүүгө, кара кылды как жарган калыстыкка ошондой эле элди ынтымакка чакырып, биримдик үчүн зор салым кошуп келген.

 

Кулатуу Чыгыштын жекеме-жеке таймашууларынын контакттуу багыттарына кирет, анын негизине үйрөтүүнүн контакттуу ыкмасы киргизилген. Кулатуунун сабактарында машыктыруучу менен окуучу анатомиялык куралдар менен денелерине, моюндарына жана баштарына тийгизип иштейт. Ага таймашта түртүп, ордунан жылдырып же болбосо кулатып жыгуучу абалга келтирген пайдаланылуучу адамдын дене бөлүктөрү кирет.

 

Кулатууда эки-экиден аткарылчу көнүгүүлөрдүн төрт калыбы иштелип чыккан. Атап айтсак, «Жекеме-жеке», «Жалгыз экиге каршы», «Жалгыз үчкө каршы» жана «Жалгыз төрткө каршы». Ар бир аталган көнүгүүлөрдүн калыбында көнүгүүлөрдүн төрт түрү пайдаланылат, алар — «Чабуул», «Коргонуу», «Каршы чабуул» жана «Каршы коргонуу». Иштелип чыккан калыптар жана түрлөр көнүгүүлөрдүн мазмундарына туура келет.

Кулатуу жекече коргонуу мектеби болуп саналат. Чабуулдун ыкмалары окуу таймашуусунун процессин түзүү максатында пайдаланылат. Кулатууда коргоо жана чабуул стратегиялары үйрөтүлөт. Коргоо стратегиясына коргонуу жана каршы чабуул ыкмалары, чабуул стратегиясына чабуул жана каршы коргонуу ыкмалары кирет.

Кулатууда спортчуларды даярдоонун түртүү жана сокку программалары бар. Сокку программасы сүйүүчүлөргө арналган спорттук программа болуп саналат. Сокку программасынын негизи болуп кулатуу боюнча мелдештердин сокку берүү эрежелери саналат. Кулатуу боюнча мелдештердин сокку уруу эрежелеринин түрлөрү болуп «Мушташ» жана «Эр таймаш» эсептелет жана аларга кыргызча кол менен салгылашуулар жана грек панкратиону окшош. «Мушташтын» «Эр таймаштан» айырмасы партерде турганда ургулоого тыюу салынганында. Түртүү программасынын негизи болуп кулатуу мелдештеринин түртүү эрежелери эсептелет. Кулатуу боюнча түртүү эрежелеринин түрлөрүнө «Канжар кол», «Найзакер», «Союлчу», «Куш», «Жаачы», «Жылаан» жана «Ажыдаар» стилдери кирет. Канжар кол, Найзакер, Союлчу, Куш, Жаачы жана Жылаан стилдерин үйрөнүүдөн жыйынтык катары келип чыгат.

 

Түртүүнү мелдештерде колдонуу идеясы Жон Ф.Гилбинин «Дүйнөдөгү жашыруун согуш өнөрлөрү» аттуу белгилүү китебинен алынган[1]. Кулатуунун көнүгүүлөрүнө япон мастери Гичин Фунакошинин[2] көнүгүүлөрү окшош[3]. Кулатуу спорттук театрды элестетет жана ал Чыгыштын байыркы согуш үлгүлөрүнө каратэдо боюнча спорттук аренага жол ачты.

1985-жылы биринчи жолу Кулатуу күрөшү боюнча жабык мелдеш өткөрүлгөн.

1990-жылы Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын Кулатуу боюнча федерациясы түзүлүп, анын президенттигине Турусбеков Темир Муканович, федерациянын жооптуу катчылыгына Садыбакасов Болот Кемелович, вице-президенттигине Осмоналиев Адамалы Кубанычбекович шайланышкан.

1990-жылы Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик комитеттин «Республикада Кулатуу күрөшүн өнүктүрүү жөнүндө» буйругу жарык көргөн.

1991-жылдан тартып ар жылы Кулатуу боюнча райондук, шаардык жана областтык деңгээлдердеги мелдештер, ошондой эле республиканын чемпионаттары жана биринчиликтери өткөрүлүп келет.

1993-жылы кулатуу күрөшүнүн принциптери спорттун улуттук түрлөрүнүн жана чыгыштын жекеме-жеке таймашууларынын проблемалары боюнча «Манас» эпосунун 1000 жылдыгына арналган I эл аралык конференцияда баяндама жасалган[4].

1997-жылы Кулатуу бөлүмү Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында ачылды.

                2000-жылдан тартып кулатуучулар Панкратион боюнча Евразиянын жана дүйнөнүн чемпионаттарына (Казак Республикасы, Астана) расмий түрдө катыша башташты. Бул мелдештерде өз салмак категориялары боюнча Кубат Букабаев (2000), Данияр Аргалиев (2001), Бектур Кыдырмаев (2002), Эмил Токтогонов (2004, 2005, 2006), Улан Шерматов (2005, 2006) чемпиондук наамдарга ээ болушту.

                2001-жылдан тартып кулатуунун «Мушташ» түрү боюнча, ал эми 2003-жылдан баштап «Эр таймаш» түрү боюнча күчтүү мелдештер өткөрүлө баштады.

                2003-жылы «Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы жарык көрүп, анда Кулатуу күрөшү кыргыз спортунун түрлөрүнө киргизилген.

                2004-жылы Корея Элдик Демократиялык Республиканын Пхеньян шаарында өткөрүлгөн I Эл аралык жоокердик өнөр оюндарында Федерациянын ардактуу мүчөсү Павел Федотов Кулатуунун көрсөтмө көнүгүүлөрүнүн топтомун жарыя көрсөттү.

       2005-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин «Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө» буйругу чыгып, ушуга ылайык республиканын орто, жалпы билим берүүчү окуу жайларында окуучуларга Кулатуу боюнча сабак киргизилген.

2007-жылдын май жана декабрь айларында Кыргыз Мамлекеттик дене тарбия жана спорт боюнча комитет (ректору Ким В.Л.) «Канжар кол» түрү боюнча кулатуунун түртүү мелдештерин өткөргөн.

2007-жылдын аягында Канаданын Кулатуу боюнча Федерациясы түзүлүп, анын президенти болуп Майк Мартелл шайланды. Федерация ишинин башкы уставдык максаттары болуп Кулатууну кыргыз улуттук спорт түрүнө айлантуу, Кулатуу күрөшүн спорттун интернационалдык, олимпиадалык түрүнө жеткирүү.

1991-жылы кулатуу күрөшүнүн Талас облустук федерациясы ачылды, анын президенти Жыныбек Козубекович Орозалиев, 1992-жылы болсо «Жекеме жеке» профессионалдар лигасы (Сокулук) түзүлгөн, президенти – Таалайбек Тукешович Алишев; Сокулук райондук «Кулатуу» спорт клубу – жетекчиси Рашид Алымбаевич Ташкеев;

1993-жылы – Токмок шаардык федерациясы, президенти – Кылыбек Кызалакович Сагыналиев, Балыкчы шаардык федерациясы, президенти – Таалайбек Аскарбекович Сартбаев;

1997-жылы – Ысык-Көл областтык федерациясы, президенти – Рыспек Касымжанович Төрөгелдиев;

2008-жылы Кыргыз Республикасынын Түштүк аймагы боюнча кулатуу күрөшүнүн Федерациясы, президенти – Ишенбай Орозбекович Шабданов,

 2008-жылы Жалал-Абад областтык федерациясы түзүлгөн, президенти – Искендер Акимбаевич Анарбаев.

2012-жылы Кыргыз Республикасынын спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү боюнча республикалык борбор түзүлүп Кулатуу боюнча Башкы машыктыруучу болуп Токтогонов Эмиль Нурдинович шайланган.

2014-жылы 11-мартта КМДТжСАнын конференц залында өткөн Кулатуунун жетекчилеринин жана машыктыруучуларынын чогулушунда, республикалык федерацияга Нурлан Мурадиловду федерациянын Президенти кылып шайланган жана ошол эле менен бирдикте Бүткүл Дүйнөлүк улуттук күрөш Кулатуу Эртаймаш ММАнын федерациясын ачуу жөнүндө чечим чыккан.

2014-жылы 3-октябрда Бүткүл Дүйнөлүк улуттук күрөш Кулатуу Эртаймаш ММАнын федерациясы ачылган, Президенти — Кыдырмышев Руслан Жаманакович, Вице-президентер: Токтогонов Эмиль Нурдинович жана Мамбеталиев Рафик Соорбекович шайланган. Бүткүл Дүйнөлүк улуттук күрөш Кулатуу Эртаймаш ММАнын федерациясынын кыскача аты “WEF” деп койулуп Дүйнөлүк профессионалдык федерацияларга жана спорттук клубдардын каттосунан өткөн. Каттодон өткөн Дүйнөлүк федерациялар;

-Түндүк  Америкалык грэпплинг Федерациясы АКШ.

-М-1 ММА федерациясы Россия.

KF-1 Сеул Корея.

-Всемирный Союз боевых искусств, Корея.

-Союз боевых искусств СНГ.

-АКШнын Маями шаарынын ONEFC спорттук клубу.

-Дүйнөлүк Жекпе-Жек улуттук федерациясы, Казахстан.

-Дүйнөлүк Валетудо ММА федерациясы, Лима.шаары, Перу.

-Майк Мартелл профессионалдык спорт клубу, Канада. Жана башкалар.

 

Кулатуу күрөшүнүн республикадагы өнүгүүсүнө чоң салым кошкондор жана кошуп жаткандар Бикиев Шаатемир, Осмоналиев Адамалы, Алишев Таалайбек, Жунусалиев Каныбек Айыпович,  Сагыналиев Калыбек, Майназаров Молдокадыр, Арпачиев Канатбек, Ташкеев Рашид, Тойгомбаев Зарылбек, Майназаров Молдокадыр, Токоров Талас, Эсенкулов Ашимжан, Дуйшеев Абдыразак, Төрөгелдиев Рыспек, Орозалиев Жаныбек, Анашев Бектур, Ибраев Раимбек, Найсаев Токтобек, Баратов Малик, Павел Федотов, Эмиль Токтогонов, Руслан Кыдырмышев, Рафик Мамбеталиев, Елена Шевченко жана башкалар.

Кулатуунун автору Турусбеков Темир өзүнүн фехтование боюнча мугалимдери – А.А.Дизендорфго (канжар, шпага), Л.В.Павловго (шпага); каратэдо боюнча (Шотокан) – Леонид Кравченкого (Москва), Сэнъэ боюнча Виталий Пакка (Москва); гунфу боюнча Э.Д.Исмаиловго, тайчичуан боюнча – Владимир Марусичке; нунчак боюнча – Владимир Саутовго терең ыраазычылык билдирет.

 

 

 

Кулатуунун эрежелери

 

Кулатуу Чыгыш жекеме-жеке таймаштар түрүнө кирет. Кулатууну үйрөтүүнүн программасы эки багытты камтыйт – түртүү жана эртаймаш. Түртүү программасы –,сүйүүчүлөрдүн программасы, сокку программасы профессионалдык спорт болуп эсептелет. “Эр таймаш” түрү боюнча профессионалдардын Кулатуунун согуу мелдештеринин элегинен өтүшү милдеттүү деп эсептелет. Кулатуу таймашынын ыкмалары: аянтчада жылып жүрүүгө; чабуулчу, коргонуучу, каршы чабуул жана каршы коргонуу ыкмаларына бөлүнөт. Таймаш аянтында жылып жүрүү мүнөзү боюнча чабуулдук жана коргонуучулук багыттарда болот. Чабуулдап жылууларга каршылашына карай жылуу мүнөздүү. Чабуулчу жоокер, адатта, аянттын борборун ээлеп жүрөт. Коргонуучу жоокер аянтчанын чет жакаларында турат. Коргонуучу жоокер эреже боюнча чегинет. Чегинүү атаандашынын чабуул сызыгынан артка жана капталга жылуу менен ишке ашырылат. Аянт боюнча орун алмаштыруу кадам, секирүү, жүгүрүү аркылуу мүмкүн. Чабуулдук орун которуу чабуулдук ыкмадагы качыруулар менен аяктайт. Коргонуучу орун которуулар коргонуу ыкмаларындагы чегинүү менен аяктайт.

             

         Кулатуу күрөшүнүн федерациясын 2000-жылы Жекеме-жеке таймаштардын эл аралык фестивалына (Астана, Казакстан Республикасы) катышууга чакырышкан. Россиянын, Өзбекстандын, Казакстандын жана Кыргызстандын күрөш мектептеринин өкүлдөрү панкратион мелдешинин эрежелери боюнча күч сынашат. Кулатуучуларды согуу мелдештерине даярдоо максатында Кулатуу мелдештеринин Эрежелери – “Мушташ” түрү (2001-ж.) жана “Эр таймаш” (2003-ж.) түрү иштелип чыккан, алардын үлгүлөрү болуп, албетте, Кармашуу эрежелери жана Панкратион эрежелери эсептелет.

 

               Кулатууну согуу таймаштарынын эрежелери

         Кулатууну согуу таймаштарынын эрежелери Кулатуунун сокку программаларынын өзөгү болуп эсептелет. Кулатуунун сокку программасы — сүйүүчүлөрдүн, спорттук программа. Кулатуунун согуу таймаштарынын эрежелери менен “Канжар кол”, “Жаачы” жоокер образдарын, “Алпкаракуштун” (тумшугу, таман манжалары), “Жылаандын” (кол манжалардын учтары менен чабуул) кээ бир куралдарын, моюнга, тамакка, колтукка, чатка чабуулдарды пайдаланууга тыюу салынат. Муштум, алакан, баш, тизе, таман менен чабуулдарга уруксат берилген.

          

                    Спортчулардын “Мушташ” жекеме жекеде абалдары

иштелип чыккан, алар “кол менен салгылашуу” жана “панкратионго” окшош. “Мушташтын” “Эр таймаштан” айырмасы партерде сокку жүргүзүүгө болбойт.

 

         “Мушташ” эрежелери. Кулатуу эркин таймаштарды 1990-жылдан тартып 2001-жылга чейин өнүктүрүү Кулатуу мелдештеринин – “Мушташ” түрүнүн Эрежелерин иштеп чыгууга алып келди.

 

         Уруксат берилет:

·      алакан, чыканак, таман менен чабуул, каршы чабуул;

·      тамак, чат, колтуктан башка, адам денесинин бардык бети боюнча соккулар;

·      эки колдоп мойнун кармап басуулар;

·      шеригин коопсуз ыргытуулар;

·      жыгуу;

·      чалуулар;

·      рычаг, кыпчуу, ороо менен оорутуучу ыкмалар;

·      кол, буттар менен муунтуучу ыкмалар.

 

   Тыюу салынат:

·      манжалар менен чабуул;

·      атаандаштын тамагын манжалар менен кысып оорутуучу ыкма, кармап басуу;

·      тамак, чат, колтукка чабуул;

·      партердеги соккулар;

·      баш менен чабуул;

·      колдун, буттун манжаларын кармап басуу;

·      тиштөө;

·      чымчуу;

·      тытуу;

·      рефери менен айтышуу, талашып-тартышуу.

 

        

“Эр таймаш” эрежелери.

“Эр таймаштын” Эрежелери 2003-жылы Панкратион Эрежелери (Эрежесиз согуш) боюнча жүргүзүлгөн жекеме-жеке таймаштардын эл аралык мелдештерине жоокерлерди даярдоо максатында иштелип чыккан. Белгилүү Эрежелерден айырмасы – “Эр таймаштын” Эрежелери таймаштарды сегиз бурчтук рингде өткөрүүгө уруксат берет. Кулатуу сокку берүү таймаштарынын Эрежелери менен “Эр таймаш” сокку берүү абалында төмөндөгү куралдарды пайдаланууга уруксат берет:

·      муштум, тизе, таман, кыр сөөк;

·      партердеги кол менен соккулар;

·      жаткан жоокерге соккулар;

·      коопсуз ыргытуулар;

·      чалуулар;

·      оодаруулар;

·      жыгуу;

·      түртүүлөр;

·      жатып жана турушта колдор, буттар менен муунтуучу ыкмалар;

·      жатып жана турушта оорутуучу ыкмалар, атаандаштын тамагын манжалары менен кысуудан башкасы.

·      күрөш ыкмалары.

 

Тыюу салынат:

·      эки колдоп мойнун кармап ыргытуу;

·      жаткан жоокердин желкесине соккулар;

·      чатка, тамакка, колтукка чабуул;

·      атаандаш тамагын манжалар менен кармап басуу;

·      манжалар менен чабуул;

·      тиштөө;

·      тытуу;

·      чымчуу;

·      Жерге жыгылганда бут, тизе, чыканак баш соккуларын колдонууга уруксаат берилбейт.

·      Манжаларды, чачтан, кулактан жана тамактан кармоого болбойт.

·      Башы менен жерге көтөрүп чабууга болбойт.

·      Тиштегенге, тытканга жана рингде сүйлөгөнгө болбойт

 

Уруш токтотулат;

·      — Нокаут болгондо.

·      — Жерге жатып алып коргоно албай калганда (глухая защита).

·      — Докдурлардын чечими менен.

·      — Эрежелерди жана форманы бузганда,

·      — Мушкер кыйкырып же жер таптаптаса жана секунданттардын токтотуусу менен.

 

Сүрөттөрдө Эртаймаштын мушкерлеринин чабуулдагы абалдары;

кулатуу

 

Кулатуу сокку таймаштардын ыкмаларын баалоо

 

         1 упай түртүү чабуул же каршы чабуул ыкмаларын ийгиликтүү жүргүзүп, анын жыйынтыгында атаандашы туруктуулугун жоготуп жана турушун артка бир кадам менен өзгөрткөн учурларда жоокерге ыйгарылат, кол менен урган соккулар жана бут менен бутка урган соккулар.

         2 упай түртүү чабуул же каршы чабуул ыкмаларын ийгиликтүү жүргүзүп, анын жыйынтыгында атаандашы туруктуулугун жоготкон убакта, омплитудалык таштоодо, бут менен башка жана тулку бого тийген соккулар, атаандашын чалып же ыргыткан жоокерге жана атаандашын нокдаун кылган жоокерге берилет.   

         Жеңиш таймаштын аягында көп упай топтогон жоокерге берилет. Таза жеңиш оорутуучу же муунтуучу ыкма жүргүзгөн жоокердики.

 

             

          1-а сүрөт

1-б сүрөт

         Спортчулардын жабдылышы.  “Эр таймаш” согуу таймаштарында спортчулар жылаңач торс, чолок шым, кемер, чат тарткычы, манжалары ачык кол кап, капа менен жабдылат.

 

         Кулатуу мелдештерин медициналык тейлөө.          Кулатуу мелдештери врачтын катышуусуз башталбайт. Кулатуу согуу мелдештеринде кан токтотуучу каражаттар, кебез, бинт, нашатыр спирти, тоңдуруучу каражаттар, перекись водород, зеленка, йод керек.     

 

         Калыс коллегиясы. Кулатуу мелдештеринин калыс коллегиясы — Кулатуу адистеринин бирикмеси, анын иш максаты иш чараны ийгиликтүү өткөрүү болуп саналат. Кулатуу мелдештеринин калыс коллегиясы башкы калыс, башкы катчы, калыс бригадаларынан турат. Калыс бригадасы улук калыс (рефери), бурч төрт калыстар, катчы жана секундометристтен турат. Ар  бир айлампанын жыйынтыгын чыгарууда калыс бригадасынын чечими чыгарылат. Айлампанын жыйынтыгы боюнча бурч калыстын оюу — бир “добушка”, реферинин оюу жарым “добушка” ээ.

         Бардык учурларда, таймаштын башталышында, жоокерлер бири-биринен 2-3 метр аралыкта аянттын ортосунан орун алышат. Тик бурчтуу жолдо жоокерлер бири-биринен 4 метр сызык башында аянттын борборунда жайгашышат. Чарчы же айлана аянтчаны пайдаланганда, бурч калыстары аянттын төрт бурчунда (тарабында) отургучтарда отурушат. Улук калыс (рефери) аянттын борборунда жоокерлерге карап, калыс отургучтун бет маңдайында турат. Реферинин милдети жоокерлердин таймаш эрежелерди бузушун болтурбастан, таймаштын коопсуздугун камсыз кылуу эсептелет. Рефери ыкмаларга баа бербейт. Бурч калыстары жоокерлердин көргөн ийгиликтүү ыкмаларын жазып, ыкмаларга баа берет.

        

Калыстардын жабдылышы. Кулатуу түртүү мелдештеринде калыстардын кийимдеринин түсү – үстү ак жана асты кара, реферинин жең кабы кызыл жана көк. Кулатуу согуу мелдештеринде калыстардын кийимдеринин түсү – кара, калыста – резина кол кабы. Калыстардын жабдылышы – футболка (көйнөк), шым, жеңил бут кийим камтыйт.

Кулатуу турнирдик жадыбалдары. Кулатуу турнирдик жадыбалдары 

1) “олимпиадалык тутум боюнча алга кыймылдар”. Жеңилген жоокер чыгат. 

2) “айлампа” боюнча. Ар бир жоокер жадыбалдагы жоокерлердин ар бири менен таймашат.

Кулатуу турнирдик жадыбалдары.

           Реферинин буйруктары. Рефери жоокерлерди бири биринен 3 метр аралыкта аянттын борборуна тургузат. Өзү жоокерлердин каршысында элге карап турат. Үчөө тең “Тик” турушунда турат, колдору Канжар сыяктуу жасалган. Жоокерлер бири-бирине оң тарабы менен турат. Реферинин “Учурашкыла!” буйругу боюнча элге, калыска, бири-бири менен учурашат. Реферинин “Даярдангыла!” буйругу боюнча жоокерлер “Тик” турушунан кадам алдыга “Биринчи” күжүрмөн турушуна өтөт.

     “Башта!” буйругу боюнча белгиленген жоокер Кулатуу түртүү академиялык таймаштарында чабуул баштоого милдеттүү. “Баштагыла!” буйругу боюнча жоокерлер Кулатуу эркин таймашын баштайт. Таймаш реферинин “Токто!” буйругу менен токтотулат. “Чыкты” сөзү аянттын чегинен чыккан жоокерди эскертет. Мында атаандашына бир упай берилет. “Өттү” сөзү ыкма эсептелгенин билдирет. “Ортого!” буйругу жоокерлерди аянтчанын борборуна келүүгө чакырууну билдирет. “Убакыт” сөзү секундометристке күрөштүн токтогон мезгилин белгилөөнү билдирет. “Бурчка!” – жоокер өзүнүн “бурчуна” баруу буйругу. “Эскертүү!”, Упай, Утту!

 

Ортодогу калыстын буйруктары;

Башта! – айтылганда, жекеме жеке  башташ керек;

Токто! – айтылганда, жекеме жеке токтош керек;

Чыкты! –  аянтчанын чегинен сыртка чыккан балбанга айтылат;

Эскертүү! – кулатуу эреже бузган балбанга айтылат;

Упай – баанын аты;

Утту! – Эркинке жеткен балбанга айтылат.

 

 

         Кулатуу таймаштарынын узактыгы.

    Түртүү таймаштарында “Канжар кол” таймаш күрөштөрүнүн биринчи айлампасы үч мүнөттөн үч айлампа жана айлампалар арасындагы 1 минуттан дем алуу; таймаш күрөштөрүнүн үчүнчү айлампасы ар биринин узактыгы 2 мүнөттөн үч айлампада; таймаш күрөштөрүнүн бешинчи айлампасы узактыгы 3 мүнөттөн бир айлампада өтөт. 

   Эртаймаш убактысы 5 минутадан 3 раунд 1минуталык тыныгу.

 

                  Калыстык этика. Кулатуу калыстык этикасы мелдештерди туура жүргүзүү эрежелерин, калыстардын жарыялаган эскертүүлөрүн, калыстардын спортчуларга, элге, бири-бирине мамилесин камтыйт.

         Таймашка калыстыкка рефери, капталдагы калыс катары жоокерлердин бирөөнө жакын мамилеси бар, атап айтканда, тууганы, бир спорт жамаатынан, мелдешти өткөрүү деңгеелине карата бир облус, район, шаардан адам өткөрүлбөйт. Мелдештин башкы калысынын чечими боюнча реферинин, капталдагы калыстардын жарыялаган эскертүүлөрүнө жол берилбейт. Калыс коллегиясынын стөлүнөн күйөрман катары кыйкырууга, машыктыруучуга жана команда өкүлдөрүнө орой кыйкырууга жол берилбейт.

 

         Мелдештер жөнүндө жобо. Мелдештер жөнүндө жобо иш чарага катышууга расмий чакыруу болуп эсептелет, анын негизинде таламдаш уюмдар команданы иш сапарга жөнөтүү жөнүндө буйрук чыгарылат. Жобо мелдештин максаттарын, мелдештин милдеттерин, өткөрүү ордун жана мөөнөтүн, салмак категорияларын өз ичине камтыйт, иш чараны уюштуруучулар, таймаш жүргүзүү шарттары, мелдешке табыштама жана документтерди кабыл алуу жана сыйлоо шарттары белгиленет. Жобо Кулатуу федерациясы менен макулдашат жана мелдеш өткөрүп жаткан уюмдун жетекчиси бекитет. Тариз мисалы катары “Кулатуу күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын XVI Чемпионатын өткөрүү жөнүндө” жобону, ошондой эле Кулатуу күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын XVI Чемпионатын өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетин бекитүүнү таризин келтиребиз (Тиркемени кар.).

 

         Калыстык коллегиянын иш жыйынтыгын чыгаруу. Ар бир Кулатуу мелдешинен кийин, эреже катары, калыстык коллегиянын чогулушу өтөт. Калыстык коллегиянын чогулушунда каралат: иш чаранын жүрүшүнө талдоо, калыстык боюнча эскертүү, реферинин ишин териштирүү, күрөш сүрөтүнө талдоо, эскертүүлөр, түзөтүүлөр, мелдештин Эрежелерине кошумча, калыстык процессти жакшыртуу жолдору, калыстыктын сапаты, калыстык коллегиянын ишине дем берүү, врачка жана калыстык коллегияга акы төлөө.

 

         Ишчараны өткөрүү жөнүндө иш баян. Мелдеш аяктагандан кийин башкы калыс өткөрүлгөн иш-чара жөнүндө иш баян тариздейт. Иш баян мелдештин өткөн жерин жана убактысын, командалардын табыштамаларын, тараза, чучукулак жыйынтыктарын, салмак категорияларынын турнирдик таблицаларын камтыйт. Иш баянда жалпы командалардын саны жана катышуучулардын саны салмак категорияларында көрсөтүлгөн. Мелдешти утуп алгандардын тизмеси келтирилет. Калыстык коллегия мүчөлөрүнө акча берүү тизмеси, имарат ижарасына төлөөгө эсеп тиркелет. Катышуучулардын уюмдук төгүмү имарат комендантына, имаратты жыйнаган техничкаларга, катуу сүйлөгүчтүн ижарасына жана башка чыгымдарга төлөө үчүн кетет.

 

         Мелдештин башталышы жана жыйынтыктарын жалпыга маалымат каражаттарында чагылдыруу. Башкы калыс таламдаш уюмдарга жана иш-чаранын масштабына жараша райондун, облустун, республиканын алдыңкы машыктыруучуларына Жобону жиберүү менен белгиленген мелдештер жөнүндө маалымат бериши керек. Мелдешти элдүү жайларда (цирк, спорт сарайы, театр ж.б.) өткөргөн учурларда иш чаранын жарнагына каражат табат, чакыруу белеттерин чыгарат.

         Иш баяндын соңунда башкы калыс мелдештин жыйынтыктары жөнүндө маалыматты жалпыга маалымат каражаттарында берүүсү керек.

         Мелдештерди пландаштыруу. Кулатуунун ар түрдүү спорт клубдары, Кулатуу күрөшүнүн республикалык федерациясыны менен Бүткүл дүйнөлүк улуттук күрөш Кулатуу Эртаймаш ММА федерациясы, Кыргыз Республикасынын спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү боюнча республикалык борбор менен  бирдикте жылдык иш-чараларынын негизинде мелдештерди пландаштырышат. Кулатуу спорт клубдары кол менен салгылашуу федерациянын, самбо федерациянын, панкратион федерациянын, грэпплинг федерациясынын, тайбоксинг федерациянын, ушу федерациянын иш чараларына катышат.

         Жылдын негизги иш-чарасы Кулатуунун “Эр таймаш” түрү боюнча Республиканын Чемпионаты эсептелет, ал салттуу түрдө 22 жылдан бери ар бир жылдын апрель-май айларында өткөрүлөт. азыркы тапта өлкөнүн ЖОЖдорунда окуу жылы аяктап, сынактар жана каникулдар башталганда жаш спортчулардын жашоосундагы мелдештен кийинки жана калыбына келүү мезгили үчүн ылайыктуу убак.

         “Түртүшүү” боюнча Республиканын Биринчилигин ар бир жылдын июнунда өткөрүү каралат..

             Күзүндө даярдануу мезгили башталат. Декабрь айында КМД жана САнын Ачык Чемпионатынын “Түртүшүү” жана “Мушташ” боюнча мелдештерге даярдануу мезгили аяктайт. Февралдан май  айына чейин мелдешүү мезгили өтөт. спортчулар райондук, облустук жана республикалык Кулатуу мелдештерине катышышат. Июндан август айына чейин калыбына келтирүү мезгили өтөт.

         КМД жана САда Кулатуу алты жоокер образдарынын ар бири боюнча ай сайын түртүү мелдештерин, ошондой эле Кулатуу образдарынын арасында таймаштарын өткөрүү пландаштырылып жатат. Тематикалык түртүү мелдештерин жыл сайын өткөрүү пландаштырылууда: февралда – “Жылаан”, мартта – “Калтекчи”, апрелде – “Алпкаракуш”, майда – “Жаачы”, октябрда – “Найзачы”, ноябрда – Кулатуу образдарынын ортосунда, мисалы, 2008-жылы – “Жылаан” “Калтекчиге” каршы, декабрда – “Канжар кол”.

 

         Календардык жылдын аягы декабрь айында  КМД жана САнын Спорттук клубу “Мушташ” согуу түрү боюнча Академиянын ачык чемпионатын салттуу түрдө өткөрөт.

         Кулатуу облустук мелдештери ар жылдын күзүнөн тартып жазына чейин өткөрүлөт.

         Ар жылдын февралында чоңдор арасында Чүй областынын Ачык Чемпионаты өткөрүлөт. Ар жылдын март айында 16-17 жаштагылар, октябрь айында 10-15 жаштагылар арасында Бишкек шаарынын Ачык Чемпионаты өткөрүлөт.


Кулатуу терминологиясы

Кулатуу күрөшү боюнча мелдештерге калыстык ишти аткаруунун тили – кыргыз тили. Кулатуу боюнча окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт.

Түшүнүктөр жана терминдер:

Кулатуу терминологиясы – адистер ортосундагы пикир алышуучу каражат; илимий-педагогикалык жана спорт иштеринде пайдаланылуучу терминдердин жыйындысы.

Кулатуу – 1. Чыгыш жекеме жеке таймаштардын түрлөрүнүн контакттык багыты; 2. Театралдык спорт; 3. Жоокердик өнөр; 4. Кол менен салгылашуунун кыргызча түрү.

Анатомиялык курал – жоокердин жоокерчилик аракеттерде колдонуучу дене бөлүктөрү.

Таймаш – артыкчылык алуу максатында адамдардын атайылап салгылашуусу.

Жоокер – салгылашууга жөндөмдүү адам.

Көнүгүүнүн ыргак тактысы – ыргактуу чабуулдун кыймылы; кезмектешкен ишаарат.

Көнүгүүнүн ыргак мерчими (циклы) – кулатуунун жупташып жасаган көнүгүүлөрүндө пайдаланылуучу ыргактарынын эки, үч тактыларынын жыйындысы. Мерчимдин биринчи тактысында чабуул (коргонуу) жүргүзүлөт, мерчимдин кийинки тактылары турумдарын текшерүү, чабуулчу спортчунун кийинки чабуулдун жолдору жана шарттары боюнча чечим кабыл алуусу үчүн спортчулардын кыймылдарында тыным катары пайдаланылат.

Таяныч аянт – турган жоокердин эки таманын тең камтыган обочолонгон бейтаасын (абстрактуу) турпатынын аянты.

Дененин салмак борбору – дене салмагынын бейтаасын борбору болуп саналган жана жерге тартылуу күчү бар, адамдын ичиндеги бейтаасын чекит.

Тулку бойдун борбору – адамдын бүтүн тулку боюн камтыган курсактагы бейтаасын чекит.

Соккулар – кулатуунун муштум, алакан, чыканак, тизе, таман сыяктуу айрым анатомиялык куралдары менен тике турумда (кулатуунун “Мушташ”, “Эр таймаш” түрлөрү боюнча мелдештерде) жана чөгөлөгөндө (“Эр таймашта” гана) колдонуучу ыкмалар.

Түртүүлөр – тике туруп жүргөндө гана жүргүзүлүүчү Кулатуунун бардык анатомиялык куралдары менен көрсөтүлүүчү ыкмалар.

Басып алуулар – тике жана чөгөлөп турганда жоокер колу, колдору, буту, буттары менен атаандашынын денесине чабуул жасоо, коргонуу жана каршы чабуулга өтүү максатында кайыра басуучу ыкмалар.

Чалуулар – чабуулда же каршы чабуулда атаандашын таман алды менен буттан жыгуу; тамандын алдыңкы бөлүгү менен жыгуу; атаандашынын колдорун кайра басуу же антпестен жыгуу.

Тосуулар, калканычтар – чабуулдан коргонуу максатында анатомиялык куралдарды алып чыгуу.

Көтөрүп уруулар – тике туруу менен атаандашты жерден так көтөргөндө анын жыгылуусуна алып келүүчү ыкмалар.

Оодаруулар – атаандашын килемден козгобой туруп, денесинин бөлүктөрүн кайра басып, аны чөгөлөгөн абалга алып баруучу, жулкуу аркылуу тең салмактан чыгаруучу ыкмалар.

Жоокердин оодаруудагы негизги аракеттери болуп: басып алуу жана атаандашка жакындоо, атаандаш менен килемге кулоо, үстүнө чыгуу саналат.

Жыгуу – жыйынтыгында кулап түшүүчү, атаандашты килемден көтөрбөй туруп, анын тең салмактуулугун таяныч аянтынан тышкары чыгаруу, ийин менен уруу, тулку бойдун үстүңкү бөлүгү аркылуу жасалуучу ыкмалар.

Ооруксунтуучу ыкмалар – чоюу, тегерентүү же тарамышты кысуу аркылуу ооруксунтуучу ыкмалар.

Тумчуктуруучу ыкмалар – чабуулчунун тулкусу менен атаандаштын дем алуу органдарын механикалык кысуу же тумчуктуруу аркылуу жасалуучу ыкмалар.

Жөнөкөй чабуул – бир же эки анатомиялык куралдын бир кыймылынан туруучу чабуул.

Татаал чабуул – тездикти жоготпостон анатомиялык куралдын (куралдардын) эки кыймылынан туруучу чабуул.

 “Тирөөч кол” – “Тирөөч” турушта алдыга чыккан колдун аты (“Тирөөч” турушта – алдыңкы кол жана алдыңкы бут, дененин бир жагынан)

 “Кайчы кол” “Кыйгач” турушта алдыга чыккан колдун аты (“Кыйгач” турушта — алдыңкы кол жана алдыңкы бут, дененин эки жагынан)

Темп – кулатуучуга жөнөкөй бир кыймылды аткаруу үчүн зарыл болгон убакыт аралыгы.

Чалгын – атаандаш жөнүндө маалымат алуу максатында (жакшы көргөн аракеттери; салгылашуу ыкмалары; кызуу кандуулугу; акыбалы; мүмкүнчүлүктөрү; ой-максаттары жөнүндө) кулатуучу жасаган аракеттер.

Машыгуу – кулатуучулукка үйрөтүүчү жана тарбиялоочу адистик процесс.

Аянтча – таймаш өтүүчү, күрөш килеми же татами жайылган жай.

Калыс (Рефери) – аянтчада мелдештердин эрежелери сакталуусуна жана мушкерлердин коопсуздугуна жооп берүүчү калыс.

Бурчтагы калыс – мушкерлердин аракеттерин аянтчанын сыртынан туруп баалоочу калыс.

Бир кадам алга – эки бутту кезек-кезеги менен алмаштыруу аркылуу атаандашка жакындоо жолу.

Бир кадам артка – эки бутту кезек-кезеги менен алмаштыруу аркылуу атаандаштан чегинүү жолу.

Качыруу – чабуул коюучу ыкмага өтүү менен душманга жакындоо жолу.

Чегинүү – коргонуу турпатын алып, бир бутту артка шилтөө жана дене-бойдун салмагын ушул бутка салуу менен душмандан артка чегинүү жолу.

Секирик – эки таманды тең жерден көтөрүп, тең салмактуулук борборун олуттуу өзгөртпөстөн жылуу жолу.

Алга секирик – артта турган буттун таманына басым жасоо менен алдыга жылуу жолу.

Артка секирик – алдыда турган буттун таманына басым жасоо менен артка жылуу жолу.

Раунд – таймашуу мезгилинин бир мерчеми.

Салгылашуу убактысы – бир нече раунддан туруучу таймашка бөлүнгөн мезгил.

Нокаут – алган соккудан улам жоокердин (он секунддан ашуун) таймашты улантуу жөндөмүн жоготуусу.

Алга – жоокердин алга жылуусу же атаандашын көздөй анатомиялык курал менен жасаган кыймылы.

Упай – очко, балл.

Чек – оюн аянтчасынан чыгып кетүү, упай менен жазаланган чек.

Жобо – кызыгдар уюмдарды мелдешке катышууга чакыруучу расмий документ. Билдирмеде спортчунун аты-жөнү, жашы, салмак түркүмү жана врачтын макулдугу көрсөтүлөт.

Камсыздандыруу полиси – камсыздандыруу компаниясы менен жоокердин ортосундагы жаракат алган же кырсыкка кабылган учурларда кенемте төлөө боюнча расмий келишим.

Чемпион – жеңүүчү.

Басып алуу (Басуу) – аргандай чабуу жана чабуулга чабуул жасагандан коргонуу.

Балбан (палван)– жекеме-жекеге чыгып жүргөн адам; кулатууну үрйөнүп жүргөн адам.

Каршы чабуул – чабуулга чабуул  жасатуу.

Каршы коргонуу – чабуулга чабуул жасагандан коргонуу.

 

 

 

Кулатуунун негиздөочүсү – Турусбеков Темир Муканович.

Кулатуунун башкы машыктыруучусу – Токтогонов Эмиль Нурдинович.