19 C Бишкек
Friday 17th May 2024

ТОГУЗ КОРГООЛДУН ЭРЕЖЕЛЕРИ

Негизги жоболор

Калыстар тарабынан чучукулактын жыйынтыгынын негизинде, аныкталган чечим менен оюнчулар ак жагы жана кара жагы болуп, бөлүнүшүп отурушат.

Оюн башталар алдында таймаш өтө турган жерде столдун үстүндө стандартизацияланган такта, саат, жазуу бланкы болушу керек.

Оюн башталар алдында оюнчулар тактадагы баштапкы абалдын туура экендигин текшерип, кол алышып оюнду баштоого мүмкүндүк алышат.

Оюн аяктагандан кийин протоколдорго кол коюшуп, утулган оюнчу кол сунуу менен оюнчулар оюндун бүткөнүн билдиришет.

Утулган тарап кол сунбаса калыс кол кармаштырып коюшу абзел.

1. Жүрүш

1.1. Өз тарабынан баштап, сааттын жебесинин жүрүшүнө карама-каршы ар бир үйгө бирден коргоол салып, оозгу үйдөн өтүп кеткен учурда атаандаштын куйрук үйүнөн баштап андан ары кеткен аракетти – жүрүш деп атайбыз.
1.2. Үйдө бир коргоол болгон учурда ошол коргоол менен жүрүш жасаса болот, коргоол жаткан үй бош калат.

1.3. Акыркы коргоол атаандаштын тарабына келсе, ат жеткен үйдүн ичинде жуп сандагы коргоол болгон учурду жемиштүү жүрүш деп атайбыз, ошол үйдөгү болгон коргоолдордун баарын өзүнүн казанына салып алуу керек.
1.4. Акыркы коргоол атаандаш тарабына келип, жуп болгондо, туз эрежесинен башка учурунда, жана өз тарабына өтүп келсе коргоолдор алынбайт.

1.5. Оюнчу акыркы коргоолду салып, сааттын өз жагын баскандан кийин жүрүштүн аяктаганын билдирет.
1.6. Жүрүш бир кол менен жасалышы керек. Байды (12 коргоолдон көп) жүргөндө бош колду жардамчы катары колдонууга болот. Жарым–жартылай коргоолдорду жардам катарында колдонгон колуна салып, калган коргоолдорду жүрүш жасаган колго салып жүрүш жасаса болот, коргоолдор түгөндөн кийин экинчи колдогу коргоолдорду салып жүрүштүн аягына чыгуу абзел. Эгер жүрүш эки кол менен жасалса, атаандаштын көңүлүн кайсы үйдөн жүрүп кайсы үйгө барарына бурушу керек.

1.7. Оюнчу колундагы коргоолду кийинки үйгө салганда жүрүш жазалды деп эсептелет.
1.8. Атаандаш жүрүштү жасап бүткөндөн кийин (пункт 1.5.) гана жүрүшкө жооп бериш керек.

2. Туз

2.1. Туз – бул атаандаш тараптан утуп алган үй Акыркы коргоол атаандаш тарабына келип, эки коргоолдун үстүнө үчүнчү болуп түшкөндө оюнчу ал үч коргоолду алып, казанына салып, алган үйгө атайын белиги коюп ошол үйдөн туз алдым деп жарыялайт.
2.2. Ооздон (9 үй) туз алганга болбойт.

2.3. Тузду алмаштырса болбойт.
2.4. Оюнда тузду бир гана жолу алса болот.
2.5. Оюн учурунда бир оюнчу туз алса, экинчи оюнчу атташ үйдөн, башкача айтканда номери окшош үйдөн, туз ала албайт.
2.6. Туздан баш тартууга болбойт.
2.7. Тузга түшкөн коргоолдордун баары туздун ээсиники болуп эсептелет.
2.8. Тузду атайын белги менен белигилеп коюш керек.
2.9. Протоколго жазганда туз белгисин “Х” тамгасы менен белгилейбиз.

3. Оюндун аягы

3.1. Бир оюнчу 82 коргоол жана андан көп утуп алса оюн аякталды деп эсептелет.

3.2. Оюнчу 82 же андан көп коргоол утуп алса, оюн токтотулат, атаандаштын казанындагы гана коргоолдору эсептелет. (Мисалы: партия 1–0/62/ деп жазылат, кошумча көрсөткүч 62 утулган тараптын топтогон коргоолдору)
3.3. Оюнчу утулдум деп айтканда оюн аякталды деп эсептелет. Утулдум деп айтканга протоколго 0 упай жазылат, кошумча көрсөткүч керек болгон учурда, казанындагы гана коргоолдордун саны жазылат.

3.4. Бир оюнчу атсырап (жүрүшү жок) калган учурда оюн аякталды деп эсептелет. Бул учурда атсырап калган оюнчунун казанындагы гана коргоолу эсептелинет, эгер 81 коргоолдон кем болсо утулуш (0 упай), 81 коргоол болсо тең (0,5 упай), 81 коргоолдон көп болсо утуш (1 упай) жазылат. 3.5. Эгер эки оюнчу 81 коргоолдон топтосо, оюн тең чыкты деп эсептелет да, оюн аяктаган болот. 3.6. Эгер эки оюнчу тең чыкканга келишсе, оюн аяктады деп эсептелет.

3.7.Чылымовдун тең чыгуу абалы болгон учурда (73 жүрүштөн кийин, коргоолдордун жайланышканы кайталанган учур) оюн тең чыкты деп эсептелет.
3.8. Эгер эки оюнчунун тең убактылары аяктаса, жана казанда 81 коргоол же андан кем болсо, оюн тең чыкты деп эсептелет.

3.9. Убакыт чектеген саатка карап, бир оюнчуга партияга берилген убакыттын жарымына 30 секунда кошкондон кечигип калган оюнчуга утулуш жазылат, эгерде таймаштын өткөрүү тартибинде башка ирээт каралбаса, оюн аякталган деп эсептелет.
3.10. Оюнчунун убактысы бүтүп калса (желеги кулап), анда 3.4 пунктуна ылайык партия аякталды деп эсептелет.

4. Оюнчулардын кетирген каталары

4.1. Оюн учурунда ката кетиргенин далилдебесе, жана оюндун аягына чыгып протоколдорго кол коюлуп калса, оюн кайрадан ойнолбойт.
4.2. Коргоолдор чачылып кетсе, абал чачылган учурга чейин оңдолот, оюн 1.7. пунктуна ылайык узартылат.

4.3. Оюнчу байкабастан коргоолдорду чачып алса, ошол оюнчунун убактысы жүрүп жатканда абал оңдолот, андан кийин гана саатты басканга укугу бар.

5. Тогуз коргоол сааты

5.1. Эки циферблат менен, бир тарабында жүрүп, экинчи тарабында токтоп турган, бир–бири менен байланышкан саатты – тогуз коргоол сааты деп атайбыз. Оюнчунун убактысы бүткөнүн сааттын “желеги кулаганын” билдирет.
5.2. Калыс саатты койгондон кийин, кара жагындагы оюнчу сааттан сол жак тарабына отурат. 5.3. Ак жагында ойногон оюнчунун сааты регламент менен белгиленген убакытта жүргүзүлөт, андан кийин ар бир оюнчу жүрүш жасап, өзүнүн саатынын жебесин токтотуп, атаандашыныкын жүргүзөт.

5.4. Сааттын көсөткүчү талкууланбайт. Эгер саат бузук болсо, оюнчу калыска сааттын туура эмес көрсөткүчү тууралуу кайрылганда гана, калыс саатты алмаштырышы керек.
5.5.Саат туура эмес иштеп жатканын, оюнчу сааттын “желеги” кулаганга чейин калыска билдириши керек.

5.6. Жүрүш жазалып жатканда оюнчунун “желеги куласа” оюнчуга ошол жүрүштү аягына чыгууга мүмкүнчүлүк берилет.
5.7. Калыс бузулган саатты алмаштырып жатканда, ар бир оюнчунун сааттагы убактысын так белгилеп, оң саатка түшүрөт.Эгер сааттын бир гана тарабы бузук экени такталса, калыс сааттын ошол тарабын гана тууралайт, башка учурда эки тараптын тең сааттары оңдолуп, жалпы убакыт эки оюнчуга тең бөлүнүп берилет. Саат оңдоп жатканда оюнчуда 5 мүнөттөн аз убакыт калса, калыс оюнчунун убактысын 5 мүнөткө толуктап жана каршылашына дагы ошончо убакыт кошуп берет.

5.8. Тең чыгууга макулдашуу же утулушту билдирүү сааттын “желеги кулаганга” карабастан күчүндө болот.

5.9. Эгер эки тараптын желеги тең кулаган учурда, оюнчулардын казанындагы коргоолдору эсептелет да 3.1, 3.5, 3.8 пункттарга кайрылабыз.
5.10. Оюнчуга саатты же сааттын баскычын кармап ойноого тыюу салынат.
5.11. Оюнчу “желек кулаганда” гана сааттарды токтото алат.

5.12. Оюнчуга өз алдынча саат көрсөткүчүн жылдырууга тыюу салынат, керек болсо калыстарды чакыруу зарыл.
5.13. “Желеги кулаганы” тууралуу ойноп жаткан оюнчу жана калыс гана билдире алат.
5.14. Оюнчунун өтүнүчү менен калыс саатты коюп бериши керек.

5.15. Эгерде оюн саатсыз башталса жана оюнчу же калыс ар түрлүү себептер менен саат коюууну туура көрсө, эки тарапка тең бирдей убакыт берилет, белгиленген убакыттан өткөн убакытты алып салып, калган убакыт эки оюнчуга тең бөлүнүп берилет. Оюнчуларга 12.8. пунктка ылайык 25 мүнөттөн кем эмес убакыт берилиши керек.

5.16. Оюнчу саатты жүрүш жасаган колу менен гана басыш керек.

6. Партияларды жазуу

6.1. Ар бир оюнчу эки тараптын тең жүрүшүн тогуз коргоолдун оюнду жазуу жана колдонулуучу белгилерине ылайык жазуу керек.
6.2. Партия жазууга берилген бланктар таймашты уюштуруучулардын менчиги болуп саналат. 6.3. Партия жазган бланктар калыстарга көрүнүп турушу керек.

6.4. Ар бир оюнду аягына чейин жазуу керек.
6.5. Эгерде оюндун аягына чейин оюнчунун 5 мүнөттөн аз убактысы калса оюнду жазууну токтотууга болот.
6.6. Оюндун жүрүштөрүн (өзүнүкүн жана башкалардын) көчүрүп алууга оюн бүткөндөн кийин гана уруксат берилет.
6.7. Бланкка ойнолуп бүткөн партиялардын жазылганын, оюнчу, машыктыруучу же жааттын өкүлү көчүрүп алыш үчүн калыстардан сурап алса болот. Калыс 6.6. пунктун бузбай бланкты же анын көчүрмөсүн бериши керек. Көчүргөнгө алынган бланктарды жоготуп же бузуп алса, алган адам толук жооп берет, ошондой эле аны таймаштан чыгарып салганга чейин жазаланышы мүмкүн. Эң кызык оюндарды, калыстар тобу атайын тактага, күйөрмандарга көрүнгөн жерге илип коюууну сунуштайт.
6.8. Оюнду такыр жазбаган жана толук жазбаган оюнчуларга калыстар тарабынын жазуу жүзүндө эскертүү берилет

7. Оюндун жыйынтыгын аныктоо

7.1. Оюнду жеңген оюнчу 1 упай алат, а жеңилген оюнчу 0 упай алат.
7.2. Тең чыкканда эки оюнчуга 0,5 упайдан берилет.
7.3. Утулган оюнчунун топтогон коргоолдорунун санын (кошумча көрсөткүч), эгер таймаштын өткөрүү тартибинде караштырылган болсо айлампа ыраатында, жекеме–жеке беттешүүсүндө протоколго ал санды жыйынтыктын тушуна жазуу керек (0/76)

8. Таймаштын өткөрүү тартиби

Таймаштын өткөрүү тартибинде төмөндөгүлөр каралышы керек:

  1. I  Таймаштын мексаттары жана милдеттери
  2. II  Таймаштын өтө турган мезгили жана орду
  3. III  Таймашты өткөрүүнүн башчылыгы
  4. IV  Таймаштын катышуучулары
  5. V  Кабыл алуу шарттары
  6. VI  Өткөрүү ырааты жана жеңүүчүлөрдү аныктоо
  7. VII  Жеңүүчүлөрдү сыйлоо
  8. VIII  Табыштама

Эскертүүлөр

9. Таймаштарды өткөрүү ырааттары жана түрлөрү

9.1. Таймаш үч түргө бөлүнөт: жеке, жаат жана жеке–жаат.
9.2.Таймашты өткөрүүнүн беш ырааты бар: айлампа, олимпиада, жекеме–жеке беттешүү, швейцариялык жана схевининген ырааттары. “Айлампа” ыраатында оюнчулар же жааттар бири- бири менен оюноп чыгышат. Тайпаларга бөлүнгөн учурда финалдык оюндар өткөрүлөт, биринчи орунду алгандар бири-бири менен ойнойт, же жарым финал биринчи орунду ээлеген, экинчи орунду ээлеген менен беттешет, уткандар 1–2 орунга, уттургандар 3–4 орунга ойношот. Тайпаларда топтогон упайлар эсептелсе анда “схевининген” ырааты менен финал өткөрүлөт (“А” тайпасындагылар “В” тайпасындагылар менен ойношот). Убакыт кенен болсо, финалдык оюндарды кайрадан айлампа ырааты менен өткөрсө да болот. Жааттар же оюнчулар өз ара бир партиядан көп ойногон таймаш “жекеме–жеке беттешүү” ырааты. Өткөрүү тартиби менен бекитилген бир жолу же бир нече оюн уттургандан кийин таймаштан дароо чыккан “олимпиада ырааты”. Швейцариялык ырааты – көп оюнчулар же жааттар катышкан 7, 9, 11, 13 тур менен бүтүргөн ырааты, чучукулак тартуу мыктылар ирээтине ылайык жүргүзүлөт.
9.3. Таймаштын өткөрүү тартибинде ар бир оюнчуга ойлонууга чектелген убакыт берилет, оюндун аягына чейин 1,5 сааттан берилген оюн “Стандарт”, 2 сааттан берилгенде “Узартылган стандрат”, 1 сааттан берилгенде “Кыскартылган стандарт”, 25 минуттан берилген оюн “Рапид” жана 7 минтуттан берген оюн блиц деп аталат.
9.4. Кийинки оюн башталганга чейин, башчы калыстын атына Кодекстин беренсине таянып каршы–нааразылык менен кайрылса болот, каршы–нааразылык эки минималдык айлык менен берилиши керек, эгер далилденсе акча толук кайтарылат, далилденбесе акча кайтарылбайт. 9.5.Жааттар федерация тарабынан бекитилген түстөгү окшош атайын кийим менен гана таймаштарга катышууга укуктуу.
9.6. Расмий түрдө өткөрүлгөн таймаштарда жааттын курамы төрт спортчудан турат, бир же эки кошумча-спортчуга (запас) уруксат берилет. Таймаш олимпиада ырааты менен эки жолу утулганга чейин өткөрүлөт. Такталарга отургузуу оюндун башында жүргүзүлөт. Биринчи тактада отурган спортчулар чучукулак тартуу менен ким кайсы түстө ойной турганын аныкташат. Биринчи такта менен үчүнчү тактада отурган бир жааттын оюнчулары бир түс жагында, ал эми экинчи менен төртүнчү тактадагы оюнчулар каршы түс жагында отурушат.
9.7.Такталарга отургузгандан кийин негизги оюнчуну кошумча-спортчуга алмаштырууга болбойт.
9.8. Жааттар арасындагы таймаштардын чучукулагы квалификация түрүндө гана жүргүзүлөт.

10. Жеңүүчүлөрдү аныктоо

10.1. Швейцариялык ыраатында жеңүүчүлөрдү аныктоонун тартиби:

  • –  Упайдын саны
  • –  “Өсүү” коэффициенти
  • –  Жеке оюнунун жыйынтыгы
  • –  “Өсүү” коэффициенти
  • –  Утулган оюндагы топтогон коргоолдордун саны

    11. Табыштама

    11.1. Табыштамада ирээтик номер, Фамилиясы Аты атасынын Аты, туулган жылы, спорттук даражасы, даарыгердин жолдомосу жана айлампа таймашта оюнчулар ким кайсы тактада ойноору көрсөтүлүшү керек.
    11.2. Кыз-келиндер эркектер арасында ойногонго укугу бар.

    11.3. Эркектерге кыз-келиндер арасында таймашка катышууга тыюу салынат.
    11.4. Жааттын курамында 50% кем эмес оюнчу бар болсо, таймашка катышууга укугу бар.

    12. Калыс жана калыстар тобу

    12.1. Башчы калысты, башчы катчыны жана калыстар тобун башкарууну алган уюм бекитет. 12.2. Баардык таймаштарга башчы калыс, башчы катчы, калыстар, катчылар бекитилет.

12.3. Таймаштын деңгээлине жараша бир тактадан алты тактага чейин бир калыс чектелет. Катчылардын саны тогуз адамдан көп эмес болуш керек.
12.4. Калыстар тобу үч адамдан кем болбошу керек.
12.5. Калыс таймаш учурунда тогуз коргоол Кодексин жана таймаштын өткөрүү тартибин бекем сакташы керек.

12.6. Калыс адилеттүү болушу керек, таймаштын кызыкчылыгы үчүн кам көрүшү керек.
12.7. Калыс тартипти көзөмөлдөөгө, оюнчуларга ыңгайлуу шарт түзүгө милдеттүү.
12.8. Калыс контролдук саатты карап турууга милдеттүү, сааты жок ойногон оюнчуларга 50 минут калганда өтө чоюлуп баратканда ар бир оюнчуга 25 минуттан кем эмес убакыт бериш керек (пункт 5.15.)
12.9. Эгер оюнчунун саатты баспай калса, калыс ал фактыга көңүл бурбай койсо деле болот, бирок калыс өйдөдөгү факттыга чара көргөнгө укугу бар.
12.10. Оюн учурунда муруңку жазылган оюндардын бланктары менен, диаграммаларды чийүү, компьютерди, ар кандай электрондук буюмдарды, уюлдук телефонду колдонууга жана иштетүүгө (уюлдук телефон өчүрүлгөн болушу керек) жана колдонууга тыюу салынат, калыстар тарабынан катуу көзөмөлдөнүү керек.
12.11. Төмөндөгү эрежелерди бузганга эскертүү берилет. Үч эскертүү алган оюнчунун бир упайын кемитилет, төрт эскертүү алган оюнчу таймаштан четтетилет.
– Оюн учурунда башка оюнчулар, машыктыруучулар, жааттын өкүлү күйөрмандар менен сүйлөшүүгө тыюу салынат, сүйлөшүү калыстын же атаандаш тарабынан өкүлдүн көзүнчө гана уруксат берилет.
– Оюнканада ойноп жаткан эле оюнчулар менен калыстар болушу керек, калгандарга кирүүгө тыюу салынат.
– Оюнду жазуу протоколуна толук жазбаган үчүн.
– Калыстарга сыйлабастыгын көрсөткөндүгү үчүн.
– Таймаштын жүрүшүнө тоскоолдук көрсөткөн үчүн.
12.12. Белгиленген регламентке ылайык калыстар ак тарабынын саатын жүргүзүп коюуга укуктуу. 12.13. Бир оюнчуга берилген убакыттын жарымы + 30 секунданын ичинде оюнчу оюнга келбесе калыс ошол оюнчуга 0 (утулуш) жазылат.
12.14. Адилеттүү калыстык көрсөтпөгөн калыстар калыстык иш алып баруудан четтетилет.

13. Тең чыгуу

13.1. Тең чыгууну оюнчу жүрүш жасагандан кийин саатты басардын астында сунуш кылганга болот.
13.2. Тең чыгууну оюнчу 3 жолу гана сунуш кылууга укугу бар. Эгер үчтөн көп жолу сунуш кыла турган болсо, анда оюнчу утулганын аныктайт, да атаандашы калыска кайрылып өзүнө утуш жазып коюуну суранат.

13.3. Ар бир тең чыгуунун сунушун эки оюнчу “=” белгиси менен жазуу протоколуна белгилешүү керек.
13.4. Оюнчу Чылымовдун тең чыккан позициясында калыстардан оюн тең чыкты деп талап кылса болот.

13.5. Теӊ чыгуу үчүн эки оюнчунун теӊ катышуусу менен калыс протоколду кабыл алууга укуктуу.

14. Таймаштын расмий эрежелерин талкуулоо.

Таймаштын расмий эрежелерин талкуулоосун Эл аралык коргоол федерациясынын атайын калыстар комиссиясы талкуулайт.