19 C Бишкек
Friday 3rd May 2024

Үч тапан.

Оюн тегиз 3×6 схемадагы аянтчада, жекеме-жеке эки адамдын ортосунда өтөт.

Катышуучу: 1 командада  1-оюнчу .

Оюндун жүрүшү 30 минута.

Келген команда 8 ден көп болсо санына карата тайпага бөлүнүп оюн өтөт ал эми 7 ге чейин команда болсо айланпа түрүндө өткөрүлөт.

Оюнчунун 20дон чүкөсү жана 1ден сакасы болууга тийиш.

Оюнчунун сакасынын таманы чабылбашы керек.

Оюнду баштоо үчүн сака калчоо менен чүчүкулак жүргүзүлөт.

Оюнду сакасы айкүр же таа турган оюнчу баштайт.

Эки оюнчунун ортосундагы оюн схемада туурасынан чийилген сызыкка ар бир оюнчу бирден чүкө тигет.

Сакасы конгон оюнчу белгиленген аралыкка сакасын өкчөйт, сакасы айкур же таа консо ортодогу тизилген чукөнүн бирин атат, сака чүкөгө тийип ордунан жылса калыс үч тапан салганда борбордон чүкөгө жетпесе аткан оюнчу каршылашынын чүкөсүн утуп алат да оюнду биринчи баштоого укук алат. Ал эми атылган чүкөгө калыстын үч тапан салганда жетип калса чүкө кайра ортого тигилип, түптө калган оюнчу сакасын тигилген чүкөнүн жанына өкчөйт сакасы айкүр же таа турса каршылашы тиккен чүкөнү утуп алат же болбосо каршылашынын сакасын атат, эгер каршылашынын сакасын ордунан жылдырып калыс үч тапан салганда жетпесе дагы уткан болуп эсептелет, бирок каршылашы оюнун жаңыртуу үчүн тирилдим деп дагы бир чүкөнү ортого тигип оюнду уланта алат ал эми каршылашы сакасын белгиленген жерге өкчөйт, тирилген оюнчу болсо түптө калат. Ал эми түпкө сака өкчөгөн кезде бөк же чик болуп калса каршылашы түптөгү каршылашынын сакасын же болбосо чүкөнү атат, эгер атканда сака жылып кетсе утуучу калысты үч тапаны менен өлчөнүп жеткен, жетпегендиги менен аныкталат, эгер жетпей калса оюнчу тирилдидим деп бир чүкө тигип оюнду улантса болот.

 

Эскертүү: Тирилүү саканы кана  атканда колдонулат ал эми чүкөнү атканда колдонулбайт.

Кимиси  белгиленген убакытта же мурда каршылашынын баардык чүкөсүн утуп алса таза жеңиш ыйгарылат.

Женүүчүлөрдү аныктоо: жеке оюнчулар арасында бири-бири менен беттешүү оюну уюштурулуп аныкталат.

Эгерде 20дан ашык оюнчу катышса тайпаларга бөлүнүп 2 жолу утулган оюнчуну оюндан чыгаруу менен уюштурулат.

                             

Берилүүчү упайлар.

                                       Таза жеңиш         3-упай.

                                       Жеңиш                 2-упай.

                                       Тең чыкса            1-упай.

                                       Утулса                  0-упай.

Оюнчулардын ортосундагы мелдеш кайсы оюнчу көп упай топтосо жеңүүчү деп эсептелинет, ал эми бир же андан көп оюнчунун упайлары бирдей болуп калса уткан чукөсүнүн санына жана өз ара ойногон оюнуна карата жеңүүчү аныкталат.

                                    Тыюу салынган аракеттер.

Ар бир оюнчуга калыстын уруксаты жок оюн баштоого.

Аянтты ойноп жатып таштоого, каршылашына жаман сөз айтууга, көрсөтмө берүүгө, атуу сызыгынан башка жактан атууга, калыстардын көрсөтмөлөрүнө баш ийбей коюуга.

Сакадан башка нерсе менен ойноого, сакага коргошун куюп ойноого, мык, тери кагууга ж.б.нерселер менен жазалгалоого.

Каршылашын сака, чүкө ж.б.нерселер  менен урууга.

Каршы оюнчу атып жатканда аянтчага кирүүгө, аларга сөз сүйлөп, дене аракети менен тоскоолдук жаратууга.

                            Оюнчулардын укуктары, милдеттери.

Эгерде сакасы сынса алмаштырууга;

Кокустук алса дарыгерден жардам алууга;

Оюндун баардык эрежелерин билүүгө;

Калыстардын чечимине баш ийүүгө;

Калыстардын көрсөтмөлөрүн толук аткарууга;

Сакасын, чүкөсүн таза кармоого;

Жадыбалда көрсөтүлгөн убакытта оюнду баштоого;

 

Калыстардын укуктары, милдеттери.

Мелдеш өтүүчү аянтчалардын даярдыгын, тазалыгын текшерүүгө, оюнду өз убагында баштоого;

Мелдеш өтүүчү иш кагаздарын убагында толтурууга;

Оюнчуларга эскертүү берүүгө, эреже чегинде;

Эрежени бузган оюнчуну мелдештен четтетүүгө;

Аба ырайынын шартына карап оюнду башка күнгө которууга;

Мелдеш аяктаары менен өткөн оюндун жыйынтыктарын башкы калыска өз убагында тапшырууга;

Кыйыр.

Оюн тегиз 4×8 схемадагы  аянтчада, жекеме-жеке эки адамдын ортосунда өтөт.

Катышуучу: 1 командада  1-оюнчу .

Оюндун журушу 30 минута.

Келген оюнчулардын санына карата тайпага бөлүнүп, ар бир тайпада айланпа түрүндө өтөт.

Мелдешти өтүүнүн жолдорун жобого ылайык мелдеш өткөргөн мекеме бекиткен калыстар тобу аныктайт.

Оюнчунун 20дон чүкөсү жана 1ден сакасы болууга тийиш.

Оюнчунун сакасынын таманы чабылбашы керек.

Оюнду баштоо үчүн сака калчоо менен чүчүкүлак жүргүзүлөт.

Оюнду сакасы айкүр же таа турган оюнчу баштайт.

Эки оюнчунун ортосундагы оюн схемада чийилген айлананын ичиндеги сызыкка ар бир оюнчу бирден же экиден чүкө тигишет да  айлананын чийимин сол буту менен басып туруп сакаларын эки, төрт метр аралыкка өздөрүнүн көз болжоосу менен ташташат.Чүкөлөрдү атуу кимдин сакасы алыс түшсө ошол оюнчу биринчи баштайт. Аткан оюнчунун сакасы чүкөлөргө тийип сакасы менен тийген чүкөсө окшошпогон абалда (сакасы бөк болуп, чүкөсү чик болсо же болбосо сакасы чик болуп чүкөсү бөк болсо) оюнчу чүкөнү же чүкөлөрдү утат да сакасы жаткан жерден сакасын колуна алып бутун жылдырбай калган чүкөлөрдүн колу жеткендерин алып сакасы менен кошо каршылашынан алыс ала качып калчайт, сакасы бөк болсо чик , чик болсо бөк чүкөлөрдү алат эгер калчап жатканда сакасы айкүр консо баардык чүкөнү алат ал эми таа консо оюн каршылашына өтүп оюн жогорудагы тартипте улана берет.

Жеңүүчүлөрдү аныктоо: жеке оюнчулар арасында бири-бири менен беттешүү оюну уюштурулуп аныкталат.

Эгерде 20дан ашык оюнчу катышса тайпага бөлүнүп 2 жолу утулган оюнчуну оюндан чыгаруу менен уюштурулат.

 

Берилүүчү упайлар.

       Таза жеңиш          3-упай.

       Жеңиш                 2-упай.

       Тең чыкса             1-упай.

        Утулса                 0-упай.

Оюнчулардын ортосундагы мелдеш кайсы оюнчу көп упай топтосо жеңүүчү деп эсептелинет,ал эми бир же андан көп оюнчунун упайлары бирдей болуп калса уткан чүкөсүнүн санына жана өз ара ойногон оюнуна карата жеңүүчү аныкталат.

         Тыюу салынган аракеттер.

Ар бир оюнчуга калыстын уруксаты жок оюн баштоого.

Аянтты ойноп жатып таштоого, каршылашына жаман сөз айтууга, көрсөтмө берүүгө, атуу сызыгынан башка жактан атууга, калыстардын көрсөтмөлөрүнө баш ийбей коюуга.

Сакадан башка нерсе менен ойноого, сакага коргошун куюп ойноого, мык, тери кагууга ж.б.нерселер менен жазалгалоого.

Каршылашын сака, чүкө ж.б.нерселер  менен урууга.

Каршы оюнчу атып жатканда аянтчага кирүүгө, аларга сөз сүйлөп, дене аракети менен тоскоолдук жаратууга.

Оюнчулардын укуктары, милдеттери.

Эгерде сакасы сынса алмаштырууга;

Кокустук алса дарыгерден жардам алууга;

Оюндун баардык эрежелерин билүүгө;

Калыстардын чечимине баш ийүүгө;

Калыстардын көрсөтмөлөрүн толук аткарууга;

Сакасын, чүкөсүн таза кармоого;

Жадыбалда көрсөтүлгөн убакытта оюнду баштоого;

 

Калыстардын укуктары, милдеттери.

Мелдеш өтүүчү аянтчалардын даярдыгын, тазалыгын текшерүүгө, оюнду өз убагында баштоого;

Мелдеш өтүүчү иш кагаздарын убагында толтурууга;

Оюнчуларга эскертүү берүүгө, эреже чегинде;

Эрежени бузган оюнчуну мелдештен четтетүүгө;

Аба ырайынын шартына карап оюнду башка күнгө которууга;

Мелдеш аяктаары менен өткөн оюндун жыйынтыктарын башкы калыска өз убагында тапшырууга;

(Канталамай)

Катышуучу: 1 командада 1-оюнчу.

Ойнолуучу оюндун убактысы: 1-саат.

Оюн өтүлүүчү жер: аянтча же зал.

Колдонуучу эмеректер: чүкөлөр (20 х 3чүкө + кан жолдошу менен 2 чүкө) = 62 чүкө. (3 чүкө бир басым болуп эсептелет).

Килем, ала кийиз, таардын үстүндө ойнолот.

Кайсы оюнчу баштай турганын тастыктоо үчүн оюнчулар ойнолуучу чүкөлөрдөн арасынан таманы чабылбаган  сол чүкөдөн ат тандашат.Тандаган аттарын калыс оң колуна алып калчап  оюнду баштоочуну аныктайт.Кимдин аты айкүр же таа консо оюнду баштоо укугуна ээ болот.Калыс тарабынан оюндун жүрүшү жазылуучу жадыбал толтурулуп маалымдалат жана эки оюнчунун каалоосу менен кызыл чүкө кан аталат да кан жолдошу деп бир чүкө кошулат.Аты турган оюнчу оюнга даярдалган чүкөлөрдү эки колунун алаканына салып килемдин үстүнө өзүнө ынгайлаштырып чачат, чачканда кан таа туруп калса оюнчулар баардык чүкөнү талап кетишет да, эң аз чүкө алган оюнчунун чүкөлөрүнө жараша оюнга кошулат.Кимде андан ашык чүкө болсо алып калат.Оюнчу таламайда жалгыз канды талап алса өнөктөшү менен 10,20,30 чүкөгө сатам деп соодалашат.

Мисалы: (эң аз чүкө алган оюнчунун чүкөсүнө карап чүкө чыгарышып оюн уланат) ал эми кан айкүр турса каршылашы үч жолу өкчөйт, өкчөгөндө кан таа консо да таламай болот.Эгер кан өкчөгөндө кан айкүр турса  кайрадан үч жолу өкчөлөт, турбаса оюн уланат да айкүр менен айкүрдү, таа менен тааны, бөк менен бөктү, чик менен чикти атып оң колунда үч чүкө болгондо канды кандай абалда жатса ошондой абалдагы чүкө менен атып алат, эгер канды атып жатканда кан таа турса чүкөлөрдү оючулар талап кетишет. Убакыт бүтүп калса ким көп чүкө алса утуучу болуп эсептелинет. Эгер оюнчу аз убакыттын ичинде баардык чүкөнү каны менен кошо атып кетсе, каршылашына баардык чүкөнү каны менен берет.Каршылашы чүкөлөрдү чачып туруп  баардык чүкөнү атып кетсе оюн жандырылды деп эсептелип, оюн ат калчоо менен кайрадан улантылат, ал эми жандыра албай калса атаандашана таза жеңиш ыйгарылат.

 

Берилүүчү упайлар.

Таза жеңиш 3-упай.

         Жеңиш                2-упай.

         Утулганга            0-упай.

Оюнчулардын ортосундагы мелдеште кайсы оюнчу көп упай топтосо жеңиш ошол оюнчуга ыйгарылат, ал эми бир же андан көп оюнчулардын упайлары бирдей болуп калса, ким көп кан алса, уткан чүкөсүнүн санына же өз ара ойногон оюнуна карата жеңүүчү аныкталат.

Эскертүү: (эгерде эки оюнчу өз ара ойногондо чүкө саны тең болуп калса, кан кимде болсо ошол оюнчу утушка ээ болот). 

Тыюу салынган аракеттер.

Ар бир оюнчуга калыстын уруксаты жок оюн баштоого;

Килемди ойноп жатып таштоого, каршылашына жаман сөз айтууга, көрсөтмө берүүгө, атууну сөөмөйүнөн башка манжасы менен атууга, калыстардын көрсөтмөлөрүнө баш ийбей коюуга;

Оюн өтүүчү жерден башка жерге канды өкчөөгө же өзүнүн алдына өкчөөгө.

Оюнчуну чүкө жана башка нерсе менен урууга;

Каршы оюнчу атып жатканда сөз сүйлөп, дене аракети менен тоскоолдук жаратууга;

Кан таламай болуп жатканда каршылашынын колун кайрып күч колдонуп чүкөсүн тартып алууга;

Атып жатып унутуп калып эки же төрт чүкөнү оң колунан сол колуна которууга;

Оюнчу ойноп жаткан учурда колундагы чүкөсү колунан түшүп кетип килемде жаткан чүкөгө тийип калса оюн жыдыйт;

Атып жаткан учурда атылган эки чүкө бири бирине тийип же минишип калса алып жатканда чүкө кыймылдап кетсе оюн жыдыйт;

Эки же төрт чүкө атып туруп андан кийин канды атса оюн жыдыйт;

Оюнчулардын укуктары, милдеттери.

Эгерде кан сынса алмаштырууга;

Кокустук алса дарыгерден жардам алууга;

Оюндун баардык эрежелерин билүүгө;

Калыстардын чечимине баш ийүүгө;

Калыстардын көрсөтмөлөрөн толук аткарууга;

Жадыбалда көрсөтүлгүн убакытта оюнду баштоого;

Жадыбалда көрсөтүлгөн убакыттан мурда оюнду токтотууга;

 

Калыстардын укуктары, милдеттери.

Мелдеш өтүүчү залдын даярдыгын, тазалыгын текшерүүгө, оюнду өз убагында баштоого;

Мелдеш өтүүчү иш кагаздарын убагында толтурууга;

Оюнчуларга эскертүү берүүгө, эреже чегинде;

Эрежени бузган оюнчуну мелдештен четтетүүгө

Мелдеш аяктаары менен өткөн оюндун жыйынтыктарын башкы калыска өз убагында тапшырууга;

Топ чүкө.

Катышуучу: 1 командада 1-оюнчу.

Ойнолуучу оюндун убактысы: 1-саат.

Оюн өтүлүүчү жер: аянтча же зал.

Колдонуучу эмеректер: кичине 5 чүкө ( оң, сол чүкө аралаш болуусу керек).

Килем, ала кийиз, таардын үстүндө ойнолот.

Кайсы оюнчу баштай турганын тастыктоо үчүн оюнчулар өзүнүн чүкөлөрүн алаканына алып баардык чүкөсүн өйдө ыргытып колунун алаканына эмес жагына тосуп алып канча чүкө болсо баарын өйдө кайра ыргытып чалып алуу жолу менен ким оюнду баштаарын аныктайт. Кимдин чүкөсү көп болсо ошол оюнчу биринчи баштайт. Оюнчунун  ойноо ыкмалары төмөнкүчө.

  1. Бирдик: Чүкөлөрдү оң колу менен чачып чүкөлөрдүн арасынан өзүнө ылайыктуу бир чүкөнү оң колуна алып өйдө ыргытуу менен чачылган чүкөлөрдү бирден чогултуп, (ыргыткан чүкөңдү жерге түшүрбөй колуңа тосуп алуу менен) оң жагына кое берет, жаңылса оюн атаандашына өтөт.
  2. Эки илик: Эки-экиден чогултуу.
  3. Үч илик: Биринчи үчтү анан бирди.
  4. Беш илик: Бир чүкөнү өйдө ыргытып колуңдагы калган чүкөнү жерге коюп, ыргыткан чүкөңдү жерге түшүрбөй тосуп алып, кайра өйдө ыргытып жердеги баардык чүкөнү колуна чогултуп  ыргыткан чүкөнү тосуп алат.
  5. Алты илик: (шарак) Чүкөнү чачып арасынан бир чүкөнү колуна алып өйдө ыргытуу жолу менен калган чүкөлөрдү бирден чогултуу,чогултуп жатканда биринчи бир чүкө, экинчи эки чүкө, үчүнчү үч чүкөнү, төртүнчү төрт чүкөнү толугу менен өйдө ыргытып жердеги чүкөнү алып, кайра ыргытылган чүкөнүн баарын тосуп алуу керек.
  1. Сегиз илик: Чүкөнү чачып арасынан бир чүкөнү колуна алып өйдө ыргытуу жолу бир чүкөнү жерден алып, кайрадан экинчи, үчүнчү, төртүнчү чүкөнү жерден алып жатканда колундагы чүкө жерде калуусу керек, акырында жердеги баардык чүкөнү колундагы чүкөнү өйдө ыргытып туруп жерде жаткан чүкөлөрдү чогуу алып ыргыткан чүкөсүн тосуп алуу керек.
  2. Үңкүр: Сол колун үңкүрдөй кылып жерге коюп, оң колу менен сол колунун үстү аркылуу чүкөлөрдү чачат да чүкөлөрдү бирден үңкүргө киргизет ал эми атаандашы жыдытыш үчүн эң татаал чүкөнү колу менен белгилеп көрсөтөт ошол белгилиленген чүкөнү эң акырында үңкүргө киргизет да сол колун алып оң колундагы чүкөнү өйдө ыргытып, жаткан чүкөлөрдү чогултуп ыргытылган чүкөнү тосуп алат.

Эскертүү: (Оюнчу бир эле жолу аткаруу менен ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү бар, аткара албаса оюну жыдыйт).

8.Чымчык ооз: Сол колунун бармагын учун сөөмөйүнүн учуна тийгизип жерге коюп,(чымчык ооз) оң колу менен сол колунун үстү аркылуу чүкөлөрдү чачат да чүкөлөрдү чымчык оозго бирден киргизет ал эми атаандашы жыдытыш үчүн эң татаал чүкөнү колу менен белгилеп көрсөтөт ошол белгилиленген чүкөнү эң акырында  киргизет да сол колун алып оң колундагы чүкөнү өйдө ыргытып, жаткан чүкөлөрдү колуна чогултуп ыргытылган чүкөнү тосуп алат.

Эскертүү: (Оюнчу бир эле жолу аткаруу менен ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү бар, аткара албаса оюну жыдыйт).

9.Боз үй: Сол колун боз үйгө окшоштуруп  жерге коюп оң колу менен сол колунун үстү аркылуу чүкөлөрдү чачат да чүкөлөрдү боз үйгө биринчи  чыпалак менен ат жоктун, экинчи аты жок менен ортондун, үчүнчү ортон менен сөөмөйдүн, төртүнчү сөөмөй менен бармактын  ортосунан баштап чүкөнү бирден киргизет ал эми атаандашы жыдытыш үчүн эң татаал чүкөнү колу менен белгилеп көрсөтөт. Ошол белгилиленген чүкөнү эң акырында киргизет да сол колун алып оң колундагы чүкөнү өйдө ыргытып, жаткан чүкөлөрдү колуна чогултуп ыргытылган чүкөнү тосуп алат.

Эскертүү: (Эң кыйын бир чүкөнү үч жолу аткаруу менен ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү бар, аткара албаса оюну жыдыйт).

10.Машак: Чүкөлөрдү өйдө ыргытып колунун сырткы бөлүгүнө бир чүкөнү тосуп алып, тосуп алган чүкөсүн жерге түшүрбөстөн жердеги чүкөлөрдү бирден чогултуп туруп колунун үстүндөгү чүкөнү өйдө ыргытып чалып тосуп алат.

Эскертүү: (Оюнчу бир эле жолу аткаруу менен ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү бар, аткара албаса оюну жыдыйт).

 

Эскертүү: (Оюнчу бир эле жолу аткаруу менен ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү бар, аткара албаса оюну жыдыйт).

11.Чалмакей: Чүкөлөрдү оң колу менен чачып чүкөлөрдүн арасынан өзүнө ылайыктуу бир чүкөнү оң колуна алып өйдө ыргытуу менен чачылган чүкөлөрдү бирден чогултуп, ыргытылганан чүкөнү колуна тосуп эмес  чалып алып бирден жерге кое берет.Баары бүткөндө оң колундагы чүкөнү өйдө ыргытып, жаткан чүкөлөрдү чогултуп ыргытылган чүкөнү тосуп алат.

Эскертүү: (Эгер чалып алып жатканда чүкөсүн кармай албай калса колунан түшүп кетсе оюн жыдыйт).

12.Тосуу,чалып алуу: Баардык чүкөлөрдү оң колунун алаканына салып, өйдө ыргытып колун тескерисинче (көмкөрө) болгон абалда колунун үстүнө чүкөлөрдү тосуп алып эки чүкөнү кана калтырып, экөөнү өйдө ыргытып бирөөсүн алаканы менен тосуп экинчисин чалып алуу керек. Эскертүү: Эгерде колунун үстүндө үч же андан көп чүкөнү тосуп алса эки чүкөдөн башкасын түшүрүп салууга уруксат берилет.

  1. Катар чалуу: Баардык чүкөлөрдү оң колунун алаканына салып, өйдө ыргытып колун тескерисинче (көмкөрө) болгон абалда колунун үстүнө чүкөлөрдү тосуп алып эки чүкөнү кана калтырып, экөөнү өйдө ыргытып экөөн бирге эмес, эки башка чалып алуу керек.

Эскертүү: Эгерде колунун үстүндө үч же андан көп чүкөнү тосуп алса эки чүкөдөн башкасын түшүрүп салууга уруксат берилет.

 

Оюндун аягында баардык чүкөлөрдү оң колунун алаканына салып, өйдө ыргытып колун тескерисинче (көмкөрө) болгон абалда колунун үстүнө чүкөлөрдү тосуп алып  өйдө ыргытып болгон чүкөнү чалып алуу менен упай топтошот. Эгерде оюнчу бир эле оюн менен оюндун 15 түрүн тең жыдыбай аткарып кетсе кайра  оюнун жыдыганча улантууга уруксат берилет.

Эскертүү: Тосуп алган бир чүкөгө 10-упай берилет.100-упай биринчи  топтогон оюнчуга таза жеңиш ыйгарылат.

 

Тыюу салынган аракеттер.

Ар бир оюнчуга калыстын уруксаты жок оюн баштоого;

Килемди ойноп жатып таштоого, каршылашына жаман сөз айтууга, көрсөтмө берүүгө, калыстардын көрсөтмөлөрүнө баш ийбей коюуга;

Оюн өтүүчү жерден башка жерге чүкөлөрүн  калчоого.

Оюнчуну чүкө жана башка нерсе менен урууга;

Каршы оюнчу ойноп жатканда сөз сүйлөп, дене аракети менен тоскоолдук жаратууга;

Оюнчулардын укуктары, милдеттери.

Эгерде чүкөсү сынса алмаштырууга;

Кокустук алса дарыгерден жардам алууга;

Оюндун баардык эрежелерин билүүгө;

Калыстардын чечимине баш ийүүгө;

Калыстардын көрсөтмөлөрөн толук аткарууга;

Жадыбалда көрсөтүлгүн убакытта оюнду баштоого;

Жадыбалда көрсөтүлгөн убакыттан мурда оюнду токтотууга;

 

Калыстардын укуктары, милдеттери.

Мелдеш өтүүчү залдын даярдыгын, тазалыгын текшерүүгө, оюнду өз убагында баштоого;

Мелдеш өтүүчү иш кагаздарын убагында толтурууга;

Оюнчуларга эскертүү берүүгө, эреже чегинде;

Эрежени бузган оюнчуну мелдештен четтетүүгө,

Мелдеш аяктаары менен өткөн оюндун жыйынтыктарын башкы калыска өз убагында тапшырууга;

Төрт айкүр. (Жаңы оюн)

Оюн тегиз 1×2 метр схемадагы аянтчада, жекеме-жеке эки адамдын ортосунда өтөт.

Катышуучу: 1 командада  1-оюнчу .

Оюндун жүрүшү 30 минута.

Келген команда 8 ден көп болсо санына карата тайпага бөлүнүп оюн өтөт ал эми 7 ге чейин команда болсо айлампа түрүндө өткөрүлөт.

Мелдешти өтүүнүн жолдорун жобого ылайык мелдеш өткөргөн мекеме бекиткен калыстар тобу аныктайт.

Оюнчунун 4дөн 2 сол, 2 оң чүкөсү  болууга тийиш.

Оюнчунун чүкөлөрүнүн таманы чабылбашы керек.

Оюнду баштоо үчүн оюнчулар 4 чүкөсүң калчоо менен чүчүкулак жүргүзүлөт.

Оюнду 4 чүкөсү тең окшош болгон оюнчу баштайт.

Оюнду баштоочу оюнчу 4 чүкөнү оң колуна алып аянтчанын үстүнө чачат, чачкан кезде 4 чик абалда болсо оюнчуга 100 упай, 4 бөк болсо 200 упай, 4 бөлөк абалда болсо 300 упай, 3 чүкө консо 500 упай, 4 төө тең таа, айкүр аралаш консо 600 упай 4 таа консо 800 упай ал эми 4 айкүр консо 1000 упай берилет. Мындан башка абалда болгондо оюн кезеги каршылашына өтөт.

Кимиси  белгиленген убакытта же мурда 5000 упай алса таза жеңиш ыйгарылат.

Женүүчүлөрдү аныктоо: жеке оюнчулар арасында бири-бири менен беттешүү оюну уюштурулуп аныкталат.

Эгерде 20дан ашык оюнчу катышса тайпаларга бөлүнүп 2 жолу утулган оюнчуну оюндан чыгаруу менен уюштурулат.  

Берилүүчү упайлар.

      Таза жеңиш         3-упай.

      Жеңиш                 2-упай.

      Тең чыкса            1-упай.

      Утулса                 0-упай.

Оюнчулардын ортосундагы мелдеш кайсы оюнчу көп упай топтосо жеңүүчү деп эсептелинет, ал эми бир же андан көп оюнчунун упайлары бирдей болуп калса,  чүкөлөрү айкүр, таа же айкүр,таа аралаш туруусуна карата жана өз ара ойногон оюну боюнча жеңүүчү аныкталат.

Тыюу салынган аракеттер.

Ар бир оюнчуга калыстын уруксаты жок оюн баштоого.

Аянтты ойноп жатып таштоого, каршылашына жаман сөз айтууга, көрсөтмө берүүгө, аянтчадан башка жакка калчоого, калыстардын көрсөтмөлөрүнө баш ийбей коюуга.

Чүкөлөрүнө коргошун куюп ойноого, мык, тери кагууга ж.б.нерселер менен жазалгалоого.

Каршылашын чүкө ж.б.нерселер  менен урууга.

Каршы оюнчу ойноп жатканда сөз сүйлөп, дене аракети менен тоскоолдук жаратууга.

                            Оюнчулардын укуктары, милдеттери.

Эгерде чүкөсү сынса алмаштырууга;

Кокустук алса дарыгерден жардам алууга;

Оюндун баардык эрежелерин билүүгө;

Калыстардын чечимине баш ийүүгө;

Калыстардын көрсөтмөлөрүн толук аткарууга;

Чүкөлөрүн таза кармоого;

Жадыбалда көрсөтүлгөн убакытта оюнду баштоого;

 

Калыстардын укуктары, милдеттери.

Мелдеш өтүүчү аянтчалардын даярдыгын, тазалыгын текшерүүгө, оюнду өз убагында баштоого;

Мелдеш өтүүчү иш кагаздарын убагында толтурууга;

Оюнчуларга эскертүү берүүгө, эреже чегинде;

Эрежени бузган оюнчуну мелдештен четтетүүгө;

Мелдеш аяктаары менен өткөн оюндун жыйынтыктарын башкы калыска өз убагында тапшырууга;

Ойлоп тапкан: Искендер Кожокеев

 

 

Көчмөн оюну. (Жаңы оюн)

Катышуучу: 1 командада 1-оюнчу.

Ойнолуучу оюндун убактысы: 1-саат.

Оюн өтүлүүчү жер: аянтча же залда  жекеме-жеке ойнолуучу оюн.

Колдонуучу эмеректер: Сака, чүкөлөр (20 кызыл х 20 көк ) же жашыл, ак, сары ж.б. өңдө болот.

 Узуну 2,5 х1,5 болгон ала кийиздин же таардын үстүнө айлана чийилип ичи түз сызык менен бөлүнүп  ойнолуучу оюн.

Кайсы оюнчу баштай турганын тастыктоо үчүн оюнчулар өздөрү ала келген таманы чабылбаган сакаларын өкчөшүп кимдин аты айкүр консо ошол оюнчу баштоо укугуна ээ болот. Калыс тарабынан оюндун жүрүшү жазылуучу жадыбал толтурулуп оюнду баштоого уруксат берилет. Аты турган оюнчу оюнга даярдалган чүкөлөрдү эки колунун алаканына салып ала кийиздин үстүндөгү аянтчадагы өзүнө тиешелүү бөлүккө чүкөлөрүн чачат, андан кийин каршылашы да  аянтчадагы өзүнө тиешелүү бөлүккө чүкөлөрүн чачат. Сакасы турган оюнчу каршылашынын аянтчасына сакасын өкчөйт, сакасы бөк же чик болсо каршылашынын бир бөк же бир чик чүкөсүн өзүнүн аянтчасындагы чанагына салат да өзүнүн аянтчасындагы каалаган бир чүкөсүн каршылашынын аянтчасына бөк болсо бөк абалында, чик болсо чик абалында көчүрөт.Сакасы айкүр консо каршылашынын каалаган эки чүкөсүн өз кутучасына салып, өзүнүн эки чүкөсүн бөк абалында каршылашынын аянтчасына көчүрүп барат да оюнун улантат, ал эми сакасы эки жолу катары менен айкүр консо каршылашынын  үч чүкөсүн өз кутучасына салып, өзүнүн үч чүкөсүн каршылашынын аянтчасына көчүрүп бар бөк абалында коет.Эгер сакасы үч жолу катары менен айкүр консо каршылашынын  беш чүкөсүн өз кутучасына салып, өзүнүн беш чүкөсүн каршылашынын аянтчасына бөк абалында көчүрүп барат да атаандашынын кутучасындагы  беш чүкөсүн бошотуп бөк абалга которууга мүмкүнчүлүк алат. Өкчөгөн сакасы таа консо, оюн каршылашына өтөт. Каршылаш оюнчунун сакасы таа туруп жыдымайынча оюн улана берет.Убакыт бүтүп калып, ким каршылашынын аянтчасына көп чүкөсүн көчүргөн оюнчу  утуучу болуп эсептелинет. Эгер аз убакыттын ичинде баардык чүкөнү каршылашынын аянтчасына көчүрүп  барган оюнчуга таза жеңиш ыйгарылат.

 

Берилүүчү упайлар.

Таза жеңиш 3-упай.

           Жеңиш                2-упай.

           Тең чыгуу            1-упай

           Утулганга            0-упай.

Оюнчулардын ортосундагы мелдеште кайсы оюнчу көп упай топтосо жеңиш ошол оюнчуга ыйгарылат, ал эми бир же андан көп оюнчулардын упайлары бирдей болуп калса, уткан чүкөсүнүн санына же өз ара ойногон оюнуна карата жеңүүчү аныкталат.

Эскертүү: (эгерде эки оюнчу өз ара ойногондо чүкө саны тең болуп калса, кимдин сакасы көп жолу айкүр консо ошол оюнчу утушка ээ болот).

 

Тыюу салынган аракеттер.

Ар бир оюнчуга калыстын уруксаты жок оюн баштоого;

Ойноп жатып оюнду таштап басып кетүүгө, каршылашына жаман сөз айтууга, көрсөтмө берүүгө, сакасын сөөмөй жана бармактан башка манжасы менен өкчөөгө, калыстардын көрсөтмөлөрүнө баш ийбей коюуга;

Оюнчуну сака же чүкө жана башка нерсе менен урууга;

Каршы оюнчу сакасын өкчөп жатканда сөз сүйлөп, дене аракети менен тоскоолдук жаратууга;

Оюнчулардын укуктары, милдеттери.

Сакасы сынса алмаштырууга;

Кокустук алса дарыгерден жардам алууга;

Оюндун баардык эрежелерин билүүгө;

Калыстардын чечимине баш ийүүгө;

Калыстардын көрсөтмөлөрүн толук аткарууга;

Жадыбалда көрсөтүлгүн убакытта оюнду баштоого;

Жадыбалда көрсөтүлгөн убакытта оюнду токтотууга;

 

Калыстардын укуктары, милдеттери.

Мелдеш өтүүчү залдын же аянтчанын даярдыгын, тазалыгын текшерүүгө, оюнду өз убагында баштоого;

Мелдеш өтүүчү иш кагаздарын убагында толтурууга;

Оюнчуларга эскертүү берүүгө, эреже чегинде;

Эрежени бузган оюнчуну мелдештен четтетүүгө

Мелдеш аяктаары менен өткөн оюндун жыйынтыктарын башкы калыска өз убагында тапшырууга;

Ойлоп тапкан: Искендер Кожокеев

 

Төө кербени. (Жаңы оюн)

Оюн тегиз 1×2,5 метр болгон кийиздин үстүндө, жекеме-жеке эки адамдын ортосунда өтөт.

Кийизди узунунан теңдеп ортосун сызык менен бөлөт да эки оюнчунун өз жагына  30 сантиметрлик баардык жагы бирдей болгон төрт бурчтук чийилет жана чийимдин үстүнө 34 чүкө айкүр абалында тизилип төрт бурчтук короочо пайда болот.

Ал эми калган 10 чүкө короосунун сырткы бөлүгүнө чөккөн төө кербенине окшоп бөк абалда 2 катар тизилет.

Катышуучу: 1 командада  1-оюнчу .

Оюндун жүрүшү 1саат 30 минут.

Келген команда 8 ден көп болсо санына карата тайпага бөлүнүп оюн өтөт ал эми 7 ге чейин команда болсо айлампа түрүндө өткөрүлөт.

Мелдешти өтүүнүн жолдорун жобого ылайык мелдеш өткөргөн мекеме бекиткен калыстар тобу аныктайт.

Оюнчунун  22 сол, 22 оң чүкөсү жана 1 сакасы болууга тийиш.

Оюнду баштоо үчүн оюнчулар сакасын өкчөө менен чүчүкулак жүргүзүлөт.

Оюнду сакасы айкүр же таа турган оюнчу баштайт.

Оюнду баштоочу оюнчу сакасын аянтчанын үстүнө өкчөйт, сакасы айкүр турса короосунун оң жагындагы биринчи чүкөсүнүн катарына бөк жаткан бир чүкөсүн айкүр абалында  тизет да кайра өкчөйт,  дагы айкүр консо 2 чүкөгө алдын карай жылдырат ал эми таа консо 1 чүкөгө жылдырат. Сакасын өкчөп жатканда 2 жолу катар айкүр консо 4 чүкөгө, 3 жолу катар айкүр консо 6 чүкөгө жылдырып бөк жаткан бир чүкөсүн оң жагындагы биринчи чүкөсүнүн жаны бош болсо гана катарына коюуга мүмкүнчүлүк алат. Эгер сакасы катар менен таа коно берсе улам бирге көбөйтүп жылдыра берет.  Мындан башка абалда болгондо оюн кезеги каршылашына өтөт. Ким биринчи 10 чүкөнү өз короосуна айкүр абалда 2 катар биринчи тиксе ошол оюнчу жеңүүчү болот, бирок атаандашына 3 жолу өкчөөгө уруксат берүүсү шарт атаандашы 10 чүкөсүн толук короосуна киргизе албай калса убакыт бүтөбү же бүтпөйбү таза жеңиш ыйгарылат. Эгер убакыт бүтүп калса ким короосуна көп чүкөсүн көчүрүп барган оюнчуга жеңиш ыйгарылат

Женүүчүлөрдү аныктоо: жеке оюнчулар арасында бири-бири менен беттешүү оюну уюштурулуп аныкталат.

Эгерде 20дан ашык оюнчу катышса тайпаларга бөлүнүп 2 жолу утулган оюнчуну оюндан чыгаруу менен уюштурулат.  

Берилүүчү упайлар.

             Таза жеңиш         3-упай.

             Жеңиш                 2-упай.

             Тең чыкса            1-упай.

             Утулса                 0-упай.

Оюнчулардын ортосундагы мелдеш кайсы оюнчу көп упай топтосо жеңүүчү деп эсептелинет, ал эми бир же андан көп оюнчунун упайлары бирдей болуп калса,  көчүргөн чүкөлөрү карата жана өз ара ойногон оюну боюнча жеңүүчү аныкталат.

Тыюу салынган аракеттер.

Ар бир оюнчуга калыстын уруксаты жок оюн баштоого.

Аянтты ойноп жатып таштоого, каршылашына жаман сөз айтууга, көрсөтмө берүүгө, аянтчадан башка жакка калчоого, калыстардын көрсөтмөлөрүнө баш ийбей коюуга.

Чүкөлөрүнө коргошун куюп ойноого, мык, тери кагууга ж.б.нерселер менен жазалгалоого.

Каршылашын чүкө ж.б.нерселер  менен урууга.

Каршы оюнчу ойноп жатканда сөз сүйлөп, дене аракети менен тоскоолдук жаратууга.

Оюнчулардын укуктары, милдеттери.

Эгерде сакасы сынса алмаштырууга;

Кокустук алса дарыгерден жардам алууга;

Оюндун баардык эрежелерин билүүгө;

Калыстардын чечимине баш ийүүгө;

Калыстардын көрсөтмөлөрүн толук аткарууга;

Чүкөлөрүн таза кармоого;

Жадыбалда көрсөтүлгөн убакытта оюнду баштоого;

 

Калыстардын укуктары, милдеттери.

Мелдеш өтүүчү аянтчалардын даярдыгын, тазалыгын текшерүүгө, оюнду өз убагында баштоого;

Мелдеш өтүүчү иш кагаздарын убагында толтурууга;

Оюнчуларга эскертүү берүүгө, эреже чегинде;

Эрежени бузган оюнчуну мелдештен четтетүүгө;

Мелдеш аяктаары менен өткөн оюндун жыйынтыктарын башкы калыска өз убагында тапшырууга;

 Ойлоп тапкан: Искендер Кожокеев

 

Окшошту тап. (Жаңы оюн)

Оюн тегиз 1×2 метр схемадагы аянтчада, жекеме-жеке эки адамдын ортосунда өтөт.

Катышуучу: 1 командада  1-оюнчу .

Оюндун жүрүшү 30 минута.

Келген команда 8 ден көп болсо санына карата тайпага бөлүнүп оюн өтөт ал эми 7 ге чейин команда болсо айлампа түрүндө өткөрүлөт.

Мелдешти өтүүнүн жолдорун жобого ылайык мелдеш өткөргөн мекеме бекиткен калыстар тобу аныктайт.

Оюнчунун 2 ден 1 сол, 1 оң чүкөсү  болууга тийиш.

Оюнчунун чүкөлөрүнүн таманы чабылбашы керек.

Оюнду баштоо үчүн оюнчулар 2 чүкөсүн калчоо менен чүчүкулак жүргүзүлөт.

Оюнчулар 2 чүкөсүн тең калчашат, кимдин чүкөлөрүнүн экөө тең турган абалда   болгон болсо ошол оюнчу оюнду баштайт.

Оюнду баштоочу оюнчу 2 чүкөнү оң колуна алып аянтчанын үстүнө чачат, чачкан кезде чүкөлөр кандай абалда болсо, каршылашы өзүнүн чүкөлөрүн чачып ошол абалды табыш керек, эгер таппаса биринчи калчаган оюнчуга 10 упай ыйгарылат да оюнунун андан нары уланта берет. Эгер таап алса 20 упайга ээ болуп оюн тапкан оюнчуга өтөт. Ал эми калчаган кезде эки чүкө тең айкүр консо оюнчуга 100 упай берилет да оюнун андан нары уланта берет. Мындан башка абалда болгондо каршылашы чүкөлөрүн чачып ошол абалды тапканга аракет кылат, ал эми экөө тең айкүр турган кезде каршылашы чүкөлөрүн чачпайт, башка абалда кана  тапканда оюн кезеги каршылашына өтөт.

Кимиси  белгиленген убакытта же мурда 1000 упай алса таза жеңиш ыйгарылат.

Женүүчүлөрдү аныктоо: жеке оюнчулар арасында бири-бири менен беттешүү оюну уюштурулуп аныкталат.

Эгерде 20дан ашык оюнчу катышса тайпаларга бөлүнүп 2 жолу утулган оюнчуну оюндан чыгаруу менен уюштурулат.  

Берилүүчү упайлар.

                Таза жеңиш         3-упай.

                Жеңиш                 2-упай.

                Тең чыкса            1-упай.

                 Утулса                 0-упай.

Оюнчулардын ортосундагы мелдеш кайсы оюнчу көп упай топтосо жеңүүчү деп эсептелинет, ал эми бир же андан көп оюнчунун упайлары бирдей болуп калса,  чүкөлөрү айкүр, таа же айкүр,таа аралаш туруусуна карата жана өз ара ойногон оюну боюнча жеңүүчү аныкталат.

                                    Тыюу салынган аракеттер.

Ар бир оюнчуга калыстын уруксаты жок оюн баштоого.

Аянтты ойноп жатып таштоого, каршылашына жаман сөз айтууга, көрсөтмө берүүгө, аянтчадан башка жакка калчоого, калыстардын көрсөтмөлөрүнө баш ийбей коюуга.

Чүкөлөрүнө коргошун куюп ойноого, мык, тери кагууга ж.б.нерселер менен жазалгалоого.

Каршылашын чүкө ж.б.нерселер  менен урууга.

Каршы оюнчу ойноп жатканда сөз сүйлөп, дене аракети менен тоскоолдук жаратууга.

                            Оюнчулардын укуктары, милдеттери.

Эгерде чүкөсү сынса алмаштырууга;

Кокустук алса дарыгерден жардам алууга;

Оюндун баардык эрежелерин билүүгө;

Калыстардын чечимине баш ийүүгө;

Калыстардын көрсөтмөлөрүн толук аткарууга;

Чүкөлөрүн таза кармоого;

Жадыбалда көрсөтүлгөн убакытта оюнду баштоого;

 

Калыстардын укуктары, милдеттери.

Мелдеш өтүүчү аянтчалардын даярдыгын, тазалыгын текшерүүгө, оюнду өз убагында баштоого;

Мелдеш өтүүчү иш кагаздарын убагында толтурууга;

Оюнчуларга эскертүү берүүгө, эреже чегинде;

Эрежени бузган оюнчуну мелдештен четтетүүгө;

Мелдеш аяктаары менен өткөн оюндун жыйынтыктарын башкы калыска өз убагында тапшырууга;

Ойлоп тапкан: Искендер Кожокеев

            Чүкө оюндарынын улан-кыздарга болгон тарбиясы.

Кыргыздын чүкө оюндары көчмөн турмуштагы кыргыздын өзүнүн элине  болгон камкордугун, аксакалдуу  карыяга, ак элечек байбичеге болгон урмат сыйын эркек менен аялдын ордун, бала-кызды тарбиялоодогу ата эненин, ага-эженин берген таалим тарбиясын, каада-салт, ынтымак, меймандостук, боорукердик, айкөлдүк, кең пейилдикти, чагылдырган жана мекенди коргоонун сырлары кымтылып эркек баланы жаш кезинен сактыкка, тактыкка, шамдагайлыкка, мергенчиликке, чынчылдыкка тарбиялап жана мекендин ыйыктыгын, улут намысын бийик койгонго, ал эми кыздарын илберииңки, ыйбаалуу, колунан көөрү төгүлгөн саймачылыкка, бүйрөлүккө, үй буюмдарын, үй оокаттарын таза, тыкан кармоого үй бүлөлүк мыйзам талаптарды аткарууда тапкычтык менен ой жүгүртүп сезимтал болууга үйрөнүүгө  чүкө оюндарынын орду биринчи орунда турган.

Мисалы: Топ чүкө оюнунда  ар бир иликтин жашоодогу турмушка байланыштырууга болот.

Канталамайдын таалим тарбиясы жана тарыхы.

Канталамай оюнунда мамлекетке жоо кирип келгендеги учурду чагылдырган кызыктуу оюн. Мисалы: Оюн башталаарда  эки оюнчу ат калчашат, бул эки баатыр эрөөлгө же бир-бирге чыкты дегенди билдирет, ал эми чик менен чикти, бөк менен бөктү, таа менен тааны, айкүр менен айкүрдү атууда жоокерлердин бир-бирге чыгып кимиси биринчи колундагы кылычы,найзасы, чочмору,жаасы менен душманынын мерт кылуу жана өз мамлекетин тышкы жоодон сактап калуу. Ал эми кан таа турса  (башчысы мерт  болгонун билдирет,ошондо  мамлекет талоонго учураган учур көрсөтүлөт) таламай болот. Кан айкүр болсо үч жолу өкчөгөнү үч элчи жөнөтүү дегенди билдирген учур чагылдырылган. Эгер оюнчу бүт чүкөнүнүн баарын каны менен кошо атып алса, кайра каршылашына кезек бергендигинен чечмелениши: Эгер каршылаш баардык чүкөнү каны менен кошо атып алып кетсе кечирим берилген, эгер алып кете албаса ага салган салыкты төлөп мекенин, элин сактап калууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Үч тапан оюнунун таалим тарбиясы жана тарыхы

Үч тапан оюнунда жаш өспүрүмдөрдү жаш кезинен мекенге кызмат кылууга, чоң кишилер жоого кеткенде мамлекетте калган кары-картаңдарга, энелерине, ини-карындаштарына камкордук көрүү жана мал чарбага баш көз болуу милдеттендирилген жана чек араны кайтаруу, кыйың кезеңде элди мергенчилик менен багуу жана дагы башка көп-көп  милдеттерди аткаруунун өнөрлөрү кымтылган. Жаңы өсүп келе жаткан балдарды мамлекетти сүйүүгө, кыргыз улуу эл экендигин жүрөгүнөн орун алдырып кыргыз болгондугуна сыймыктанууга жана адептүү болууга тарбиялап жаман жоруктардан алыс болууга оң таасирин берип тарбиялык мааниге ээ.

Көчмөн оюнунун тарыхы жана таалим тарбиясы.

Көчмөн элдер жашаган аймактарды тегеректеген башка элдер менен ар убакта ынтымакта, бир атанын балдарындай  карым-катынаш түзүп, бири-бири менен эриш-аркак жашоо үчүн аракеттенип жакшы мамиледе болушкан. Бирок көрө албастык, башка элдин жерине көз артуу ошол убактагы баардык элдерге көйгөй жараткан жана акырындап ортолорундагы көз караштар салкындап, кылдан кыйкым издеп жерин күч менен басып алууга ар кандай шылтоолорду колдонуп баскынчылык жолго барышкан. Көчмөн эли баардык нерсеге көсөмдүк менен мамиле жасап, башка аймактагы жошоо тынч өтө турган жерлерди чабыттап акырындык менен көчүп конуп жашоо өткөргөн. Көчмөн оюнун тарбиясы элин-жерин эч кандай коңшу элдер менен касташтырбай, достук мамиледе болуп, элин, төрт түлүк малын сактап калуу менен бирге уул жана кыз балага жашоонун сырларын акыл калчап, акылмандык менен ой жүгүртүүсүнүн ой чабытын жөнгө салып, келечегине кам көрүүгө үйрөткөн жана элинин жок болуп кетпей сакталып калуусуна кам көргөндүгү чагылдырылат

Кыйыр оюнунун тарыхы жана таалим тарбиясы.

Кыйыр оюнунда  тышкы жоодон коргонуунун  тактикасын көрүүгө болот. Мисалы: Чоңдор жоого аттанып кеткенде мамлекетти коргоого жаш жигиттер калып, кирген жоонун мизин кайтаруу үчүн ар кандай ыкмаларды колдонуп, кирген жоону алаксытып жарымы качымыш болуп, жарымы  буктурмадан капыстан  кол салып бир канчасын колго түшүрүп көбүн кыргынга учуратып мекенин сактап калуу өнөрлөрүн кыйыр оюну аркылуу үйрөнүп эл жерин сактаган учурлар көп эле кездешкен. Илгери кыргыз кыздарынын дене түзүлүшүнө оң таасирин тийгизүү менен сулуулугу менен дүйнөнү суктандырганы да бекеринен эмес болуш керек. Жигиттерибизди болсо көзгө атаар мергенчи болуусуна да ушул оюндарыбыздын үлүшү болсо керек. Дүйнөнү сулуулар сактап калат дегендей мамлекет болуп калуубузга арачы болгон ай чырый кыздарыбызды, эр жүрөк көзгө атаар мергенчи уулдарыбызды тарбиялаган таасири күчтүү чүкө оюндарыбызды турмуштагы бийиктигин таман алдына түшүрбөй бийик көтөрүүгө мезгил учуру келди.

Башкы машыктыруучу:                                                   Искендер Кожокеев