19 C Бишкек
Friday 17th May 2024
“Алыш” бел боо күрөшү боюнча Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган “Гран-При” Эл аралык мелдеши башталды
By admin

“Алыш” бел боо күрөшү боюнча Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган “Гран-При” Эл аралык мелдеши башталды

Бүгүн, 29-апрель күнү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда “Алыш” бел боо күрөшү боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган” Гран-При” Эл аралык мелдеши башталды.

Мелдешке жети өлкөдөн (Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Украина, Индия, Кыргызстан, Нидерланды) 120 дан ашык спортчу катышууда.

Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашууда:
Эркектер арасында (эркин жана классикалык стиль): 60, 70, 80, 90, 100, +100 кг;
Кыз-келиндер арасында (эркин стиль): 55, 60, 65, 70, 75, +75 кг.

Эскерте кетсек, аталган мелдеш Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулууда.

Мелдештин жалпы байге фонду 1 000 000 сом.
Беттештер УТРК спорт теле каналында түз эфирден көрсөтүлүүдө.

  • Комментарийлер жок
  • 29.04.2024

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген