19 C Бишкек
Saturday 27th July 2024

УЛУТТУК  «АТ ОЮНДАРЫ»  СПОРТТУК ОЮНУНУН

ЖОБОСУ

      Ар бир эл өзүнүн салты, үрп-адаты менен гана эмес өздүрүнө тиешелүү болгон улуттук оюндары менен да айырмаланат. Кыргыз эли өз жашоо тарыхында татаал жолдорду басып өсүп, эли жерин, өзүнүн ал тургай коңшулаш жашаган тектеш тилдүү калктарды да сандаган жоодон, табийгаттын катаал кырсыктарынан коргоп келген. Ошону менен катар өз биримдигин, үрп-адатын, салтын, кылымдар бою түзүлгөн маданиятын көөнөртпөй сактаган. Ат жалында эркин ойноп, көчүп конуп жүрүүгө шай жаралган жоокер элдин кулк мүнөзүнө, улуттук өзгөчөлүгүнө жараша сандаган кыймылдуу оюндарды ойлоп табышкан. Негизинен ал оюндарда элдин ой тилеги, үмүтү, кубанычы, өкүнүчү, эрдиги, эркиндик теңдикке умтулуусу, адилеттик, акыйкаттык үчүн болгон күрөшү камтылган. Ал оюндун негизинде кыргыз жигиттердин шамдагайлыгы, баатырдыгы билинип, эл арасында кадыр-барк топтоого чоң өбөлгө түзгөн.

  Максаты: –Ат оюндарын азыркы шартка ылайыктап улуттук-спорт караты эл арасына кеңири жайылтуу менен өсүп келе жаткан жаш муундарга улуттук баалуулуктарыбызды жүрөгүнөн сезип, ата-бабабыздан калган мурастарды баалап, баркташына  үндөө

–Учурдун көйгөйлөрү болгон «наркомания», «кумар оюндарына берилүү», «аракечтик» жана башка жаман илдеттерден кыймылдуу оюндарга кызыктыруу

–Улуттук ат оюндарынынын мектебин түзүп, ат үстүндө ээн-эркин ойногонго үйрөтүү жана кызыктар мамлекеттерге улуттук ат оюндар мектебин ачуу жана алар менен иш алып баруу

–Аз кыймылдуулукту азайтуу, шамдагай, күч-кубаттуу болуу менен улуттук оюндар аркылуу  калктын саламаттыгын сактоо

 –Улуттук оюндарды системалаштырып, бүтүндөй кыргыз спортуна айлантуу

Ат оюндарынын артыкчылыктары

Бүткүл Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун айтуусу боюнча, физикалык активдүүлүк – энергияны талап кылган, иш, эс алуу, оюн учурундагы активдүүлүктү талап кылган, булчуңдар аркылуу кылынган дененин кыймылы. Жетишерлик эмес физикалык активдүүлүк дүйнө жүзүндө өлүмгө алып келген факторлордун ичинде 4-орунда турат. Жыл сайын жетишерлик эмес физикалык активдүүлүктөн 3,2 миллион адам каза табат. Жетишерлик эмес кыймыл инфекциялык оорулардын, анын ичинде рак, диабет, жүрөк кан-тамыр ооруларын козгоочу факторлорго кирет. Ар бир үчүнчү адам  жетишерлик активдүү эмес. Жетишерлик активдүү эместик төмөнкү оорулардын негизги себептери болуп бере алат :21-25% сүт безинин жана жоон ичегигин рак оорусу, 27% диабет оорусу, 30% жүрөктүн ишемия оорусу.

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Электрондук саламаттык сактоо борбору берген маалыматка ылайык, 2016-жылы адамдардын өлөмүнө алып келген эң чоң көрсөткүч – бул инфекциялык эмес оорулар болуп чыккан, алардын ичинен жүрөк-кан тамыр оорулары 50,4%, онкологиялык оорулар 12,0%, башта айтып кеткендей эле, бул оорулардын негизги себептери катары жетишерлик эмес кыймыл болуп эсептелинет.

  Окумуштуулардын айтуусу боюнча , 18-64 курактагы адамдар жумасына 150 мүнөт интенсивдүү физикалык активдүү көнүгүүлөрдү жасап турушу керек.

     «Ат – адамдын канаты». Ат минип бара жатканда термелип, аргасыз татаал кыймылдарды жасоого туура келет. Бул учурда булчуңдар жыйрылып кан айлануу, жүрөктүн иштеши жөнгө салынат жана физиологиялык брадикардияга алып келет.  Бул учурда адамдын жогоруда айтылгандай, ден соолугуна оң таасирин тийгизет. Ат минүүдө ички органдардын да булчуңдарынын иштөөсүн жакшыртат да, ашказан-ичеги жолунун ооруларынын алдын алат.  Булчуңдардын начарлыгы, омуртка сөөктөрүнүн кыйшайып калышында, стресс ж.б. ооруларда ат минүү менен калыбына келет. Гиппократ:  «Ат минүү адамды жаман ойлордон алаксытып, көңүлү куунак тартып, жакшы ойлорго жетелейт» дейт. Ошондуктан стресс, депрессия кабыла турган болсо эр сайыш, кыз куумай, тыйын эңмей оюндарын ойноо ден соолукка натыйжалуу.  Байыркы мезгилден тартып эле адамдар ат минүү адамдын ден соолугуна оң таасирин тийигизээрин билишкен. Байыркы Гректердин дарыгери Гиппократ да бул жөнүндө «адам ат минсе, оорусунан тез сакаят» деп белгилеп кеткен.

Ат оюндары федерациясы камтыган тыйын эңмей, кыз куумай, жигитчилик өнөр, эр сайыш улуттук оюндарынын тарыхы.

Тыйын эңмей         

 Кыргыз элинин миң жыл чамасындагы ойнолуп келе жаткан улуттук оюну тыйын эңмей  ат оюндарынын бири. Кыргыз улуттук оюндарынын арасынан эл ичинде көп ойнолуучу, эзелтен ойнолуп келген оюн болуп эсептелинет. Оюнга катышуучу жерге көрүнө коюлган тыйынды чаап баратып эңип кетүүгө тийиш. Чабандес шамдагай, көрөгөч болушу керек. Тыйын эңмейге чоң байге коюлуп, оюн  аш-тойлордо өткөрүлгөн.

Кыз куумай                    

Кыз куумай оюну кыргыз элинин эн байыркы кызыктуу оюндарынын бири. Кыргыз эли бул оюнду кобунчо куйоо кызга куйоолоп жургондо, аш-тойдо, майрамдарда ойноп элге тамаша курушкан. Кыз тандаган атын минип, андан артканы гана жигитке тийген. Жигит кызга жетсе артылып бетинен опкон, жетпей калса кыз атынын башын буруп камчы менен жигитти кайра кубалап сабаган. Кыз куумай азыр да элдик тойлордо, майрамдарда кенири ойнолууда.

Жигитчилик өнөр  

Жигитчилик өнөрү (Жигитовка) Байыркы кыргыз элинин аскерлерин согушка даярдоодо колдонулуучу, аскердик даярдык катары колдонулуп келген, кийинчерээк ар бир кыргыз жигити ат жалында эркин ойноп жүрүүсү үчүн бул өнөрдү аш-тойлордо көрсөтмө оюн катары колдонулуп келе баштаган. Жигитчилик өнөрү ат үстүндөгү жигиттин шамдагайлыгын,  күч кубатын, чыгармачыл ойломун жана оюн талаасындагы образдуу тактикасын даңазалайт.

Эр сайыш     

 Жоокерчилик замандан бери аш-тойлордо ойнолуучу оюн-зоок, баатырлардын жекеме-жеке ат үстүндөгү эрөөлү. Аскердик демократия мезгилинде согуш маселеси негизги орундардын бирин ээлеп, ар кандай пикир келишпеген маселелердин көбү куралдын күчү менен гана чечилген. Натыйжада, аскердик дене тарбия берүү жоокерчилик коомунун негизги талабы болгон.

Баатырлардын Эр сайыш согуш мезгилинде гана эмес, атайын эрежеси иштелип чыгып аскердик оюн катары да аш-тойлордо өткөрүлгөн. “Манас” эпосунда :

Күлүктөн тандап минишип,

Күрөөкө тондон кийишип,

Күчү менен тийишип,

Айтканына көнүшсүн

Ажалдуусу өлүшсүн,

Найза колго алышсын,

Арага сайыш салышсын (Сагымбай Орозбаков, 3. 229, 290), — деп эпосто сүрөттөлгөндөй аш-тойлордун шаан-шөкөттөрүнүн бири болгон. Эр сайыштын жүрүшүн Көкөтөйдүн ашындагы Манас менен Коңурбайдын сайышынан көрүүгө болот.

 

ат оюндары